Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:02

Төрт облустун милиция башчылары алмашты


Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.
Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин имараты.

Нарын, Жалал-Абад, Ош жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыктарынын (ОИИБ) жетекчилери алмашканын 28-декабрда Ички иштер министрлиги билдирди. Министр Улан Ниязбековдун буйругуна ылайык, төмөнкүдөй кызматтык өзгөрүүлөр болду:

  • Нарын ОИИБнын жетекчиси болуп Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл облустук милициясын жетектеген.
  • Жалал-Абад облустук башкармалыгына Жеңиш Абитов жетекчи болду. Ал буга чейин Ош облустук милициясын башкарып келген.
  • Ош облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы болуп милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков барды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы кызматын аркалаган.
  • Ысык-Көл облустук башкармалыгын милициянын полковниги Орунбай Кочкоров жетектемей болду. Ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары болгон.

Министр Улан Ниязбеков 28-декабрда онлайн кеңешме өткөрүп, жаңы дайындалган жетекчилерди эмгек жамаатына тааныштырды. Ал милиция кызматкерлерине жана жетекчилерге кесиптик жоопкерчилигин кайра эскертип, милдетин так аткарбагандар катуу жазаланарын билдирди.

"Жакын арада бир катар шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин карап, чечимдерди кабыл алабыз", - деди ал.

УКМК Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын 27-декабрда кабарлады. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков алардын үчөө бошотулганын маалымдаган.

Окуяга байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылган. (TAb)

XS
SM
MD
LG