Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

Ооганстандын Файзабад шаарындагы жардырууну ИМ тобу моюнуна алды


Ооганстанга талибдер бийликке келгенден кийин тартылган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация
Ооганстанга талибдер бийликке келгенден кийин тартылган сүрөттөрдүн бири. Иллюстрация

Ооганстандын түндүгүндөгү Бадахшан провинциясында "Талибандын" коопсуздук күчтөрүнүн жооптуу кызматкерин өлтүргөн чабуул үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” (ИМ) террордук тобу өзүнө алды.

Талибан бийлигинин ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 26-декабрда Файзабад шаарындагы полициянын баш кеңсесинин жанындагы мина орнотулган автоунаа жарылып, аймактык коопсуздук кызматынын башчысы Абдулхак Абу Омар жана эки киши каза болгон.

Бадахшан провинциясы түндүгүнөн Тажикстан, чыгышынан Кытай, түштүк-чыгышынан Пакистан менен чектешет.

Министрликтин басма сөз катчысы Абдул Нафи Такур "Азаттык" радиосунунун ооган кызматына билдиргендей, бул окуяга байланыштуу төрт шектүү кармалган.

"Ислам мамлекети" террордук тобу кол салуунун артында алардын согушкерлери турганын өзүнүн "Амак" үгүт агенттиги аркылуу билдирди. Маалыматка караганда, алар Омардын артынан көптөн бери аңдып жүрүшкөн.

Абдулхак Абу Омар 2021-жылдын августунда АКШ баштаган эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгарылып кеткенден кийин катаал исламчыл топ бийликке кайтып келгенден бери өлтүрүлгөн талибдердин коопсуздук кызматынын эң жогорку өкүлү деп эсептелинет.

Ооганстандагы талибдердин бийлигин эл аралык коомчулук тааныган эмес.

"Талибан" кыймылы дагы, "Ислам мамлекети" тобу дагы Кыргызстанда экстремисттик деп табылып, сот алардын ишмердигине тыюу салган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG