Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:00

УКМК укук коргоо органдарынын жетекчилерин мыйзам чегинде иштөөгө чакырды


УКМКнын имараты.
УКМКнын имараты.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 27-декабрда мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын жетекчилерин кызматтык милдетин так аткарууга чакырды. Анда кызматына шалаакылык менен мамиле кылгандарга мыйзамда жаза каралганы эскертилген.

Атайын кызмат уюшкан кылмыштуу топ менен байланышта болгон укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин кармалышын кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана кылмыштарды жашыруу фактыларынын далили катары санаган.

"Бул жагдайлар мамлекеттик бийликтин аброюна терс таасирин тийгизип, ошондой эле өлкөнүн жетекчилигине элдин ишенимин кетирип, мыйзамдуулукту жана укук тартибин чыңдоо боюнча аракеттерди жокко чыгарууда", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары криминалдардын ар кандай ээнбаштыгына милиция чара көрбөгөн учурда жарандар атайын кызматка кайрылса болору айтылган.

УКМК Сузак райондук милициясынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы жана анын эки кызматкери кармалганын 27-декабрда кабарлады. Алар оор кылмышты жашырууга шек саналып, Кылмыш-жаза кодексинин "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган.

24-декабрда атайын кызмат Кочкордо "мыйзамдагы ууру" атыккан Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү менен байланышы бар деген шек менен он кишини кармады. Анын бешөө милиция кызматкери, калганы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү экенин жарыялаган. Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Алмаз Жумабеков алардын үчөө бошотулганын маалымдаган.

Окуяга байланыштуу жергиликтүү ички иштер органдарынан жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылганын 27-декабрда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG