Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:31

Санкт-Петербургдагы саммитте КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери белекке шакек алды


Санкт-Петербургдагы бейформал саммиттен тартылган сүрөт.
Санкт-Петербургдагы бейформал саммиттен тартылган сүрөт.

Санкт-Петербургдагы бейформал саммитте КМШ өлкөлөрүнүн лидерлери атайын даярдалган “клубдун шакектерин” белекке алды. Бул тууралуу Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенконун басма сөз кызматына жакын Pool of First Telegram каналы билдирди.

"Фонтанка" басылмасы кабарлагандай, шакектин ортосунда КМШнын эн белгиси, ичине "Жаңы 2023-жылыңыз менен" деп жазылган.

26-27-декабрда өткөн Санкт-Петербурдагы бейформал жыйынга Орусиянын, Беларустун, Кыргызстандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын, Өзбекстандын, Казакстандын президенттери, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышты.

Саммитте Орусиянын лидери Владимир Путин КМШга мүчө мамлекеттердин ортосунда "пикир келишпестиктер бардыгын", бирок эң негизгиси алар “кызматташууга даяр” экенин айтты.

Орусия Украинага басып киргени Лукашенко Москваны колдоп келатат. Бул согушту Борбор Азиядагы бир да мамлекет ачык айыптаган да, жактаган да жок. Калыс позицияны карманып келатканын айткан чөлкөмдөгү өлкөлөрдүн лидерлери согуш башталгандан бери орус президенти менен бир канча жолу жолугушту.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG