Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:11

Орусиялык депутат Индияда табышмактуу жагдайда каза болду


Индиядагы "Тез жардам" автоунаасы бараткан учур. Иллюстрация.
Индиядагы "Тез жардам" автоунаасы бараткан учур. Иллюстрация.

Индиянын чыгышындагы Раягада шаарында Орусиянын Владимир облусунун мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты, "Владимир Стандарт” эт жана колбаса азыктарын өндүргөн ири ишкананын негиздөөчүсү Павел Антов каза болду.

Миллионердин өлүмү тууралуу жергиликтүү NDTV жана OdishaTV басылмалары жазышты.

65 жаштагы Антов 25-декабрда Sai International мейманканасынын үчүнчү кабатынан кулап кеткени айтылууда. NDTV телеканалы жергиликтүү полицияга таянып билдиргендей, окуя "өзүн-өзү өлтүрүү" катары иликтенип жатат. Андан эки күн мурун Антовду коштоп жүргөн Владимир Биденов мейманканада инсульттан каза болгону кабарланган.

Орусиянын Калькуттадагы башкы консулу Алексей Идамкин эки өлүмдө "полиция азырынча кылмыш курамын көрө электигин" билдирди.

Маалымат каражаттары жазгандай, Антов орус президенти Владимир Путинди, Москванын Украинага басып киргенин сындап жүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG