Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Шаардык сот Асия Сасыкбаева менен Таалайбек Мадеминовду абакта калтырды


Асия Сасыкбаева, Бишкек шаардык сотунда. 27-декабрь, 2022-жыл.
Асия Сасыкбаева, Бишкек шаардык сотунда. 27-декабрь, 2022-жыл.

Бишкек шаардык соту бүгүн, 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча саясатчы Асия Сасыкбаева жана активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасын карап, райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Буга чейин Биринчи Май райондук соту аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечим чыгарган.

Мунун алдында шаардык сотто 9 кишинин бөгөт чарасы каралып, бардыгы тең абакта калтырылган. Алар: Клара Сооронкулова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева, Жеңиш Молдакматов, Али Шабдан, Ильгиз Шаменов, Кеңешбек Дүйшөбаев, Кубанычбек Кадыров жана Улукбек Маматаев. Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды. Ал эми Орозайым Нарматова сот залында өзүн жаман сезип, жыгылып түштү. "Тез жардам" чакырылып, сот 28-декабрга жылды.

Бишкек шаардык соту дүйшөмбү күнү Кемпир-Абад иши боюнча кармалган тогуз кишинин бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча жактоочулардын апелляциялык арызын карап, канааттандырган эмес.

Быйыл 23-28-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Алардын 14ү эки аптадан бери ачкачылык кармап жатат. Үчөө (Азимбек Бекназаров, Айданбек Акматов, Чыңгыз Капаров) ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) алар “Жапырт башаламандык уюштурууга даярдык” көргөн деген негизде кармалганын билдирген. Кылмыш ишин козгоого алардын Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда Бишкектеги кафелердин биринде өткөргөн жыйыны негиз болгонун кабарлаган.

Милиция шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, мунун баарын саясий куугунтук деп атап жатышат. (КЕ/TSh)

XS
SM
MD
LG