Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:29

Сербия аскерлерин күжүрмөн даярдыкка келтирди


Сербиянын аскерлери.
Сербиянын аскерлери.

Сербия жарым-жартылай таанылган Косово Республикасы менен чек арадагы куралдуу күчтөрүн күжүрмөн даярдыкка келтирилди. Бул тууралуу Сербиянын коргоо министри Милош Вучевич билдирди.

Сербиянын Ички иштер министрлигинин бардык бөлүмдөрү да күжүрмөн даярдыкка өткөрүлдү. Тиешелүү буйруктарды өлкөнүн президенти Александр Вучич берди.

Коргоо министри муну Сербиянын аймактык бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн коргоо деп сыпаттады.

26-декабрда Косовонун бийлиги куралдуу күчтөрүн толук даярдыкка келтирген. Бул Косовонун түндүгүндө жана Метохияда сербдер курган баррикадаларды жок кылуу максатын көздөй турганы айтылган.

Косовонун түндүгүндөгү кырдаал "жергиликтүү шайлоого даярдык көргөн аткаминерлерге зордук-зомбулук көрсөткөн" деп айыпталган мурдагы серб полиция кызматкери Деян Пантич кармалгандан кийин курчуп кетти.

Косоволук сербдердин көбү шайлоо өткөрбөөнү талап кылууда. Мурдараак 600дөй серб өкүлү бийлик органдарынан кетип калган. Муну менен алар Косово өкмөтүнүн Сербиянын жаңы автоунаа номурларын тааныбоо чечимине нааразылык көрсөтүшкөн. Шайлоолор ушул окуядан кийин дайындалган.

Ноябрдын аягында Евробиримдиктин ортомчулугу менен унаалардын номурлары боюнча талаш жөнгө салынган, бирок абал чыңалган бойдон турат.

Югославиянын мурдагы автономиялуу провинциясы, негизинен албандар жашаган Косово 2008-жылы көз карандысыздыгын жарыялаган. 1999-жылдан бери анын аймагы Сербиянын көзөмөлүндө эмес жана БУУнун протекторатында. НАТОнун бомбалоосунун натыйжасында серб аскерлери Косово аймагынан чыгарылып кеткен. Бомбалоонун максаты "аймактагы албан калкын геноцидден куткаруу" деп айтылган.

Косовонун көз карандысыздыгын БУУга мүчө 100дөй мамлекет тааныган, бирок Сербия, Орусия, Кытай жана Евробиримдиктин бир катар мамлекеттери тааныбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG