Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Милиция Сузакта дайынсыз жоголгон келиндин өлүмүнө шектүүнү кармады


Сузакта кармалган шектүү. Сүрөт милициядан алынды.
Сузакта кармалган шектүү. Сүрөт милициядан алынды.

Сузакта 23-декабрда төркүнүнө кеткен бойдон дайынсыз жоголгон 30 жаштагы келиндин сөөгү табылды.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы билдиргендей, келиндин сөөгү эки күндөн кийин райондун Атабеков айыл аймагындагы камыштын арасынан моюнуна жоолук оролуп, чачы жазылган абалда табылган.

Соттук-медициналык экспертизада келин муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган.

Факты боюнча 25-декабрда Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголуп, Атабеков айыл аймагынын 23 жаштагы тургуну кармалган. Убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Милиция шектүү өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмышты моюнга алганын, тергөө жүрүп жатканын билдирди.

Быйыл жайында Сузак районунда кызганычтын айынан аялын муунтуп өлтүрүп, короосуна көмүп койгон деген шек менен 31 жаштагы жаран камалган. (ТВ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG