Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Депутат Акаев Жогорку сотту Кемпир-Абад боюнча камалгандарга көңүл бурууга чакырды


Жанарбек Акаев.
Жанарбек Акаев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Жогорку соттун жетекчилигин Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын маселесине көңүл бурууга чакырды. 27-декабрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук маселелери боюнча комитетинин жыйынына Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков катышты.

Депутат Акаев Базарбеков да кезинде президент Садыр Жапаровдун адвокаты болгонун, азыр Кемпир-Абад боюнча камалгандардын адвокаттары соттордун ишине өтө нааразы болуп жатканын айтып, бул жагдайга көңүл бурууга чакырды:

“Мурда сиз адвокат болуп жүргөн абалдан кеминде беш эсе начар абал. 25тей активист жараныбыз тынч жыйынга чогулуп, жөн гана сүйлөшүүсүнүн айынан ушинтип темир тор артында отурушат. Сиз өзүңүз реакция кылып, карабасаңыз, коомчулукта бийликке да, сотко да нааразылык күндөн-күнгө күчөп жатат. Бийликке болгон нааразылыктын бирден-бир себеби – сотко болгон ишенбөөчүлүк. Айрым адвокаттар “Мен адвокат болгум келбей калды, туура нерсени көрүп, айтып турсак да соттор чечим кабыл алып коюуда” деп жатышат”.

Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков айтылып жаткан сын эске алынарын айтты:

“Албетте, азыркы учурда сот реформасын жүргүзүүгө аракет кылып жаткан учурда сиздердин сын-пикирлерди да, сунуштарды да эске алабыз. Бирок алардын күнөөсү барбы же жокпу, анысын айта албайбыз, бул жерде экинчи жараян болуп калбасын деп жатабыз. Бирок сөзсүз түрдө эске алабыз, азыр алардын күнөөсү барбы же жокпу, көзөмөл кылып жаткан тергөө органдары, прокуратура жана башкалар далилдеши керек. Бизге - Жогорку сотко келгенден кийин аны да карайбыз. Аракет кылабыз”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына нааразылыгын ачык билдирип жүргөн отузга жакын саясатчы, активист жана блогер октябрь айынан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында (СИЗО-1) камакта отурат. Бул күндөрү шаардык сотто Биринчи Май райондук сотунун аларды кийинки жылдын февралына чейин камакта кармоо тууралуу чечимдери каралып, күчүндө калтырууда.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп сыпаттап жатышат.

Президент Садыр Жапаровго санаалаш экени айтылып жүргөн Базарбеков 2016-жылдан кийин анын адвокаты болгон. Жапаров 2020-жылы бийликке келгенде Базарбеков президенттик аппараттын Сот реформасы жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчылыгына, 2021-жылдын июнь айында Жогорку соттун судьялыгына, 2022-жылы февралда төрагалыкка дайындалган. Жапаровго 2012-2017-жылдары бир нече берене боюнча кылмыш иштери козголуп, ал эки жолу абакка отуруп чыккан. Ошол кездеги бийлик анын кармалышы жана соттолушу мыйзамдуу экенин билдирип келген, ал эми өзү жана жактоочулары саясий куугунтукка кабылып жатканын айтышкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG