Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:40

Кемпир-Абад иши: Шаардык сот төрт кишини абакта калтырды


Кемпир-Абад суу сактагычы.
Кемпир-Абад суу сактагычы.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын дагы төртөө 27-декабрда Бишкек шаардык сотунун чечими менен камакта калды.

Алар - Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаева, саясатчы Жеңиш Молдакматов, жарандык активисттер Али Шабдан жана Илгиз Шаменов.

Шаардык сот аларды үй камагына же сыртка чыкпоо тил каты менен бошотуу тууралуу жактоочулардын өтүнүчүн четке какты. Биринчи Май райондук сотунун абак мөөнөтүн февралдын экинчи жарымына чейин узартуу чечим күчүндө калтырды.

Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасы жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

26-декабрда ушул эле сотто Кемпир-Абад иши боюнча кармалган тогуз кишинин (Бектур Асанов, Равшан Жээнбеков, Атай Бейшенбек, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Мамбетжунус Абылов, Акылбек Айтбаев, Эрлан Бекчоро жана Рита Карасартова) бөгөт чарасы өзгөртүүсүз калтырылган

Быйыл 23-24-октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам жапырт кармалган. Камактагылардын көбү каршылык иретинде ачкачылык кармап жатат.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук катары сыпатташууда. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG