Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 14:54

Жаңы жылга карата 12 миң милиция кызматкери күчөтүлгөн тартипте иштейт


Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.
Ички иштер министрлиги тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлигинин өздүк курамы 29-декабрдан тартып 1-январга чейин күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады.

27-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылууга тартылган милиция кызматкерлеринин даярдыгын көрүп, майрамга байланыштуу 12 миң кызматкер күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөй турганын билдирди.

Жапаров милициянын алдында жол коопсуздугун күчтөндүрүү, үй-бүлөлүк зомбулукка, өспүрүмдөр менен байланышкан кылмыштарга, жаш балдардын дайынсыз жоголуусуна, коомдук жайлардагы кылмыштын бардык түрлөрүнө бөгөт коюу, ошондой эле жарандардын кайрылуусу боюнча иштерди күчөтүү милдети турарын белгиледи.

Министрлер кабинетинин 16-декабрдагы чечимине ылайык, кыргызстандыктар 1-8-январь күндөрү эс алат. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG