Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:08

Кемпир-Абад иши: Нарматова сот залында жыгылып, "Тез жардам" алып кетти


Бишкек шаардык соту 27-декабрда Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын бөгөт чарасын карап жаткан учурда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматованын абалы начарлап, кулап туштү. Аны конвой залдан көтөрүп чыгып, жараян 28-декабрга жылды. Сотко "Тез жардам" келип, Нарматованы алып кетти.

Ден соолугуна байланыштуу анын бөгөт чарасын кароо боюнча жараян 28-декабрь, саат 15:00гө жылганын соттун басма сөз кызматынан билдиришти.

Шаардык сот бүгүн Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандардын бөгөт чарасын өзгөртүү боюнча адвокаттардын апелляциялык арызын кароону уланткан. Ушул убакытка чейин 10 кишинин арызы каралып, бардыгы абакта калтырылган. Муну менен Биринчи Май райондук сотунун аларды келерки жылдын февралынын ортосуна чейин камакта калтыруу тууралуу чечими күчүндө калган. Жактоочулардын үй камагына чыгаруу өтүнүчү канааттандырылган эмес.

Жарандык активист Айбек Бузурманкуловдун бөгөт чарасын кароо мөөнөтү жактоочу келбей калганына байланыштуу 29-декабрга жылды.

Камактагы саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпысынан 26 адам быйыл 23-24-октябрда жапырт кармалган. 14ү каршылык иретинде эки аптадан бери ачкачылык кармап жатышат. Ачкачылык кармагандардын арасында Нарматова да бар. Буга чейин үч киши ден соолугуна байланыштуу ачкачылыкты токтоткон.

Нарматованын ден соолугу начарлаганын, абалы оор экенин адвокаты Гуляна Убалиева "Азаттыкка" билдирген жана ал өз алдынча баса албай, жолугушууга чыга албай калганын айткан.

Жаза аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Сабатарова 19-декабрда ачкачылык кармап жаткандардын баарынын саламаттыгы туруктуу экенин, дарыгерлердин көзөмөлүндө турганын билдирген. Мекеме ошондон бери маалымат бере элек.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова камактагы Перизат Суранова менен Орозайым Нарматованын саламаттыгы тынчсызданып Саламаттык сактоо министрлигине жана Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына кайрылган.

Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарга кылмыш ишин козгоого алардын Бишкектеги кафелердин биринде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча 22-октябрда өткөргөн жыйыны негиз болгон.

Милиция кармалгандар жапырт башаламандык уюштурууга аракет кылганын, айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирүүдө, ал эми камалгандар күнөөсү жок экенин айтып, муну саясий куугунтук деп атап жатышат. (TSh/КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG