Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:33

Аба ырайы: Айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызстан. Чүй облусу, Арашан айылы.
Кыргызстан. Чүй облусу, Арашан айылы.

28-декабрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 6…11;

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз 3…8;

Нарындын өрөөндөрүндө түнкүсүн -19…-24, күндүз -7…-12;

Бийик тоолуу райондордо аяздын күчү түнкүсүн -27…-32, күндүз -7…-12 градуска жетет.

Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5°, күндүз 6…8 градуска чейин жогору болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG