Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Өзбекстан: "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган балдар 18ге жетти


Өзбекстанда "Док-1 Макс" дарысын ичкенден кийин чарчап калган балдардын саны 18ге жетти. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн акыйкатчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Жызак, Кашкадарыя, Навои жана Самарканд облустарында жарыкчылык менен кош айтышкан наристелердин 15и үчкө чыга элек, калганы алты жашка чейинкилер.

Үч бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.

15-декабрда Самарканд облусундагы Балдардын көп тармактуу медициналык борборунун башкы дарыгери "Док-1 Макс" дарысын ичкен 21 балада "бөйрөктүн бузулушунун, бөйрөк кемтигинин" белгилери пайда болгонун жазган.

Ошондон кийин "Док-1 Макс" дарысын сатууга убактылуу тыюу салынган. Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддын дарыканаларынан алынган "Док-1 Макс" дарыларын экспертизадан өткөрө баштаган.

Өзбекстандагы балдардын өлүмүнө байланыштуу 23-декабрда Кыргызстанда да "Док-1 Макс" дарысын сатууга тыюу салынып, анын үлгүлөрү текшерүү үчүн лабораторияга жөнөтүлгөн.

Индиялык Marion Biotech Pvt компаниясы чыгарган "Док-1 Макс" дарысы парацетамол, гвайфеназин, фенилэфринди камтыйт жана курч респиратордук вирустук инфекцияларды жана сасык тумоону дарылоо үчүн сунушталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG