Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:59

Мигранттарды "кара тизмеден" чыгаруу маселеси көтөрүлдү


Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.
Москва. Кыргыз элчилигинин алдында кезекте тургандар. 2020-жыл.

Миграция боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык жумушчу тобунун 27-декабрда Бишкекте өткөн жыйынында Кыргызстан өз жарандарын Орусиянын "кара тизмесинен" чыгаруу маселесин көтөрдү.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар мигранттарды кармоо, камакка алуу, өлкөдөн чыгаруу жана депортациялоо фактылары жөнүндө Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнө жана консулдук мекемелерине кабарлоону макулдашты.

Анда миграцияга чейинки даярдоо борборлорун ачуу, Орусияга иштегени барган жарандардын милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүсү, милдеттүү медициналык камсыздандыруу полисин берүү маселелери талкууланды.

Орусиядагы мигранттарга коюлган жаңы талаптар аларга кошумча түйшүк жаратып жатканы, ал Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ичиндеги макулдашууларга карама-каршы келери тууралуу маселе Жогорку Кеңеште буга чейин көтөрүлгөн.

2021-2022-жылдарда административдик эреже бузууга барганы жана миграциялык талаптарды сактабаганы үчүн он миңдеген кыргыз жаранына Орусияга кирүүгө тыюу салынган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG