Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:52

Көлбаевдин кыскарган кылмыш иши


Камчы Көлбаев. 2020-жыл.
Камчы Көлбаев. 2020-жыл.

Кыргызстанда "кримчөйрөнүн анабашы" аталган Камчы Көлбаевге (Камчыбек Асанбек) "уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон кылмыш иши токтотулганы кабарланды.

24.kg жана Kaktus.media басылмасы күч органдарындагы булагына таянып, козголгон кылмыш иши кыскартылганын жазды.

"Көлбаевдин иши 2021-жылы кыскарган"

24.kg агенттиги Көлбаев "Казакстанда трансулуттук кылмыштуу топ түзүүгө шектелгенин жана кылмыштын жаза мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылганын" кабарлады.

“Кылмыш 2007-2009-жылдары жасалып, кылмыштын мөөнөтү өтүп кеткендиктен кыскартылды. Буга байланыштуу УКМК кылмыш ишин тергөөнү токтоткон”, - деп билдирген басылманын булагы.

Азырынча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Камчы Көлбаевдин кылмыш иши жөнүндө расмий маалымат тарата элек. Мекеменин басма сөз кызматы маалыматты тактап берерин билдирди.

Ал эми Көлбаевдин мурдагы адвокаты Сергей Манукян "Азаттыкка" буларды айтты:

“Азыр ага карата эч кандай кылмыш иши жок. Казакстандагы кандайдыр бир маалымат боюнча негизсиз кармашкан. Андан кийин аныктап чыгышып, 2021-жылы кылмыш иши кыскартылган. Менин маалыматым боюнча, анын азыр эч кандай кылмыш ишине байланышы жок. 2021-жылы мен жана Рустам Абдурауфов адвокат болгонбуз”.

Кримтөбөлдүн кылмыш иши белгисиз

2020-жылы октябрь айында УКМК “мыйзамдагы ууру” атыккан Көлбаевди кармаган. Ага “кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен айып коюлган. Бирок кримтөбөл төрт айдан кийин тилкат менен абактан чыккан.

Ошол учурда атайын кызмат 250 миллион сомдон ашуун кылмыштуу кирешелерди адалдоо фактысы боюнча Көлбаевге карата иликтенип жаткан иштин алкагында анын туугандары мамлекетке 49,6 миллион сом которгонун билдирген. УКМК калган акчаны өндүрүү улантаарын маалымдаган. Андан бери кримчөйрөнүн анабашы Камчы Көлбаевдин кылмыш иши жөнүндө таптакыр маалымат жок.

2021-жылдары айрым массалык маалымат каражаттары Көлбаевдин кылмыш иши жөнүндө жазышкан. Андагы материалдарда 2010-жылы Көлбаев жана башка кримтөбөлдөр менен бирге Кыргызстан жана Казакстанда уюшкан кылмыштуу топ түзүп, "каралардын казынасына" дайыма акча жыйнап турганы, уюшкан топ криминалдын идеологиясын жайылтуу үчүн аракет кылганы жөнүндө айтылган.

Бийликтин "караларга" каршы күрөшү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев өлкөдө уюшкан кылмыштуу топторду "баш көтөргүс кыларын" кайталап келет. 20-июлда өкмөттүн жыйынында криминалдын башчыларына кайрылып, өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырган.

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

"Кыргызстаныбызда эч кандай уюшкан кылмыш топтору, бандиттер, рэкеттер жана бизнеске кол салуу болбойт. Уюшкан кылмыш топтору толугу менен жоюлат. Менин сөздөрүмдү жөнөкөй эле жарандар эмес, уюшкан кылмыш топтору, бандиттер дагы угуп отурса керек. Урматтуу президентибиздин койгон тапшырмасы - Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбосун. Мындай топтордун жетекчилери, эгер Кыргызстанда тынч жашай албасаңар, анда өлкөдөн чыгып кеткиле. Эгер алар Кыргызстандан кетпеген болсо, жазаланат, эркиндикте жүрбөйт. Мен муну жоопкерчиликтүү түрдө айта алам", - деди Ташиев.

Ташиевдин билдирүүсүнөн бир ай өтпөй Көлбаевдин кылмыш ишинин кыскарганы жөнүндө кабар чыгып, бийликтин криминалга каршы күрөшүнө сын-пикир айтылууда. Активист Адил Турдукулов бийлик Көлбаевдин кылмышын аныктай албай жатканын сындады:

“Криминалдын таасири азайган жок. Өзгөчө Камчы Көлбаев башында турган топтуку күчөдү. Анын күнөөсү далилденген, АКШ ага санкция киргизген. Ал эми Кыргызстандын бийлиги башкача тыянак чыгарып, бизде мыйзам эмес түшүнүктөр үстөмдүк кылып жатат. Ошондуктан кырдаал өзгөргөн жок”.

Жакында эле абактардын биринде Камчы Көлбаевдин туулган күнү белгиленип, кримтөбөлдүн сүрөтү бар футболка кийген жыйырмадан ашык адамдын дасторкон үстүндө отурган сүрөт жарыяланып, кызуу талкуу жараткан. Айрым массалык маалымат каражаттары атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев “караларды” ооздуктай алабы деген темада макала даярдашты. Анда Көлбаевдин кылмыштуу тобу баш көтөрүп жатканы айтылат.

Кыскасы, кримтөбөлгө карата “уюшкан кылмыштуу топ түзүү” беренеси менен козголгон иш кыскарганы белгилүү болду. Бирок өлкөнүн күч органдары Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөлөрү ар кандай кылмыштарга шектелип кармалганын байма-бай жарыялап келет.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, милициянын ардагери Туратбек Мадылбеков буларга токтолду:

Туратбек Мадылбеков.
Туратбек Мадылбеков.

“Андай адамдарга далилдерди кенен топтош керек. Демек, Көлбаевге далилдер жок болгондуктан коё беришкен. “Мыйзамдагы ууру” эч качан кылмышты өз колу менен жасабайт. Көлбаев дагы ошондой болсо керек. Ошондуктан алардын кармоо, күрөшүүгө комплекстүү иш-чараларды өткөрүү керек”, - деди.

Көлбаев 2008-жылы Москвада "мыйзамдагы ууру" макамын алганы айтылып жүрөт. Камчы Көлбаевди АКШ 2012-жылы дүйнөдөгү эң ири наркобарондордун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген.

2012-жылы ал мекенинде “кылмыштуу топ түзгөн, курал жана баңгизат сактаган, бийлик өкүлүнө күч колдонгон жана адам уурдаган” деген айып менен үч жылга соттолуп, 2014-жылы чыккан.

Ички иштер министрлигинин буга чейинки маалыматтарында айтылгандай, Кыргызстанда Камчыбек Көлбаев, Азиз Батукаев, Алмаз Бокушев түптөгөн уюшкан кылмыштуу үч топ жана 1076 субъектиден турган түрдүү топтор расмий катталган.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG