Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:16

"Дөө Чыңгыздын" өлүмү: Кылмыш ишиндеги жаңы жагдайлар


Кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловдун табышмактуу өлүмүнүн жаңы жагдайлары соттук териштирүүдө ачыкка чыкты. Бишкектин Октябрь райондук сотунун 16-марттагы отурумунда прокурор айыптоо корутундусун окуду.

Тергөө көрсөткөндөй, Бишкектин №1 тергөө абагындагы кылмышты уюштурууга абак жетекчилеринин да катышы болгон. Азыркы тапта Жумагуловдун өлүмү боюнча 10 киши айыпталып жатат, анын төртөө абак кызматкери.

"Акыркы жолу аялы, эжеси менен сүйлөшкөн"

Сот залында маркумдун эжеси Тынара Жумагулова көрсөтмө берип, иниси акыркы жолу аялы менен сүйлөшкөнүн айтты. “Аялы аны (ред: Чыңгыз Жумагулов) менен видео байланыш аркылуу сүйлөшкөн. Ошондо ал алты адам камерага киргизилгенин айткан болчу. Биз “кимдер, канча киши, камераңды көрсөт” деп сүйлөшпөйбүз. Аны менен 30-июлда мен дагы сүйлөшкөм”, - деди.

Прокурордун “кандайдыр бир сарсанаа болуп жатканы билинген жокпу?” деген суроосуна эжеси “жок” деп жооп берди. Жумагулова иниси менен ал өлтүрүлгөн 30-июль күнү түштө сүйлөшкөнүн, андан бир нече саат өтпөй бир тууганы абак камерасында киши колдуу болгону тууралуу кабарды маалымат каражаттарынан укканын айтты.

Абак кызматкерлеринин тиешеси

Бишкектин Октябрь райондук сотунун 16-марттагы отурумунда прокурор айыптоо корутундусун окуду.

Мамлекеттик айыптоочу Жумагуловдун кандай жагдайда өлтүрүлгөнү, ага кимдер катышканы, абак кызматкерлеринин кылмышты жашыруу аракеттери тууралуу баяндап берди.

Прокурордун айтымында, мурда жети жылга соттолгон, кылмыш чөйрөсүндө №1 тергөө абагынын (№21 мекеме) “положенеци” атыккан 34 жаштагы Данияр Шүкүров тергөө изоляторунун ыкчам кызматкери Таалайбек Айталиевге кайрылат. Анда Шүкүров өзү менен кошо төрт кишини 352-камерада отурган Жумагулов менен учурашып келүү үчүн алып барууну суранат.

Кочкордогу "каралардын карааны"
please wait

No media source currently available

0:00 0:22:31 0:00

Айыптоо документинде жазылгандай, Айталиев абак “положенецинин” суранычын тергөө абагынын ыкчам бөлүмүнүнүн жетекчисинин орун басары Турусбек Жусуповго жеткирип, ал беш кишинин Жумагуловдун камерасына киришине уруксат берген.

“Мекеменин режим корпусундагы 352-камерага ээн-эркин кирүүгө мүмкүнчүлүк берилген. Саат 15:03дөн 15:45ке чейин 352-камерада болгон Шүкүров, Сапарбеков, Кубанычбеков, Замирбеков, Биримкулов көпчүлүккө салып, адам өлтүрүү кылмышын ишке ашыруу үчүн Жумагуловдун денесине көп жолу бычак уруп, жыйынтыгында ал каза болгон. Жумагулов мыкаачылык менен өлтүрүлгөндөн кийин Шүкүров, Сапарбеков, Кубанычбеков, Замирбеков жаш курагына байланыштуу криминалдык идеологияга бат азгырылган Биримкулов менен күнөөнү жалгыз моюнга алуу тууралуу макулдашышат. Ал жөнүндө Жусуповго кабарлашат”, - деди мамлекеттик айыптоочу.

Прокуратуранын тергөө версиясына ылайык, ыкчам бөлүмдүн жетекчисинин орун басары Турусбек Жусупов Биримкуловду эмес, Жумагулов менен бир камерада отурган Дооронбек Асанбек уулун кылмышты моюнга алууга көндүрөт. Себеби, Биримкулов кылмышты моюнуна алса, абак жетекчилигинин Жумагуловдун камерасына башка бирөөлөрдү киргизүүгө уруксат бергени билинип калмак.

Жумагуловдун өлүмүнө айыпталган 10 киши

Мамлекеттик айыптоочу кылмыш чөйрөсүндө “Дөө Чыңгыз” деген каймана ат менен таанымал Чыңгыз Жумагуловду өлүмүнө №1 тергөө абагында отурган беш кишини күнөөлүү деп табууну соттон өтүндү. Алар: Данияр Шүкүров (34 жашта), Санжар Сапарбеков (43 жашта), Эрнис Кубанычбеков (28 жашта), Мухаммед Замирбеков (30 жашта), Сыймык Биримкулов (23 жашта).

Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектүүлөр сот залында. 16-март, 2023-жыл.
Чыңгыз Жумагуловдун өлүмүнө шектүүлөр сот залында. 16-март, 2023-жыл.

Айыпталгандардын арасындагы Санжар Сапарбеков президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып, былтыр 14 жылга соттолгон.

Жумагуловдун өлүмүнө байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 367-беренеси (“Кылмышты жаап-жашыруу”) менен беш киши айыпталып жатат.

Алар №1 абактын кызматкерлери - Турусбек Жусупов, Таалайбек Айталиев, Майрамбек Алтымыш уулу жана Бакыт Жунушалиев. Шектүүлөр эч жакка кетпөө тил каты менен камакка алынган эмес, учурда тергөө абагында иштеп жүрүшөт.

Ал эми Жумагулов менен бир камерада отурган 27 жаштагы Дооронбек Асанбек уулу “Дөө Чыңгызды” өлтүргөнүн моюнуна аларын сотто айтты.

“Кылмышты жашыруу беренесин моюнума албайм. Адам өлтүрүүнү моюнума алам”, - деди Дооронбек Асанбек уулу.

Калган тогуз киши сотто прокурор койгон айыпты бир ооздон четке кагышты.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы айыпталып жаткан кызматкерлери боюнча соттук териштирүү жүрүп жаткандыктан, комментарий берилбей турганын билдирди.

Өткөн жылдын 6-декабрында Жаза аткаруу кызматынын жетекчисинин орун басары Кемел Сыдыков абактагы Жумагуловдун өлүмү боюнча мындай комментарий берген:

“Биз кылмыш болгонун тастыктайбыз. Азыркы учурда абак кызматкерлери боюнча ички иликтөө жүрүп жатат. Мындай учур кайталанбашына күчүбүздү жумшайбыз”, - деген.

Жаза аткаруу кызматы 30-июлда Жумагуловдун өлүмүнөн кийин билдирүү таратып, “ага камералашы жеке кастык мамиледен улам кол салган” деген маалымат тараткан.

Түрмөдөгү криминалдык иерархия

Кыргыз түрмөлөрүндө “каралардын” идеологиясы кеңири жайылып, анын гүлдөшүнө абак кызматкерлери көз жумуп коёру айтылып келет. №1 тергөө абагында отуруп чыккандардын бири анонимдүү түрдө түрмөдөгү криминалдын таасири жөнүндө буларды айтып берди.

“Жумагуловдун өлүмүн билбейм. Мен ал окуядан кийин отурдум. №1 тергөө абагын Данчик (ред: сөз Данияр Шүкүров жөнүндө болуп жатат) деген карайт. Ал түрмөдө ээн-эркин басып, телефон сыяктуу нерселерди ачык колдонот. Ага түрмө кызматкерлери эмнеге унчуга албаганын жакшы билесеңер керек”, - деди.

Түрмөдөгү криминалдын таасири парламентте дагы көтөрүлгөн. Өткөн жылы Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев бийликти абактарда кескин реформа жүргүзүүгө чакырган.

“Түрмөлөрдү радикалдуу түрдө реформа кылыш керек. Түрмөлөрдү криминал башкарат. Алар үчүн президент – бул “положенец”, “смотрящий” дегендер. Мына ошолор менен сүйлөшкөндөн кийин гана ысык сууга жуунат. Үйүнөн ата-энеси берип жиберген тамакты ошолордун уруксаты менен киргизет. Бизге ондогон адам кайрылып жатат, ошолорду тыйбайсыңарбы. Бүт ошолор башкарат, ким телефон колдонуп, ким-ким менен жатышы керек дегенди... Мына ошонун баары акча”, - деген болчу эл өкүлү.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) жетекчисинин мурдагы орун басары Артур Медетбеков абак жайлардагы криминалды ооздуктоо үчүн мындай сунуштарды берди:

“Криминал менен күрөшүү үчүн күч органдары, жаза аткаруу кызматкерлери чоң реформадан өтүшү керек. Биринчиден, алардын айлык-акысы, жашаган жери сыяктуу шарттар түзүлүшү керек. Андан кийин аларды көзөмөлдөгөн коопсуздук кызматтары иштери шарт.

2000-жылдары саясий жүйө менен абакта отуруп чыккан, генерал Феликс Кулов түрмөдөгү криминалдын таасирин азайтуу үчүн “караларды” тыкыр көзөмөлдөө менен өзүнчө кармоону сунуш кылат.

“Абакта “авторитеттерди” өзүнчө кармаш керек. Эч качан башкалардын камерасына кирүүгө уруксат берилбеши керек. Көзөмөл жок болгондуктан, ушундай болуп жатат. Бул коррупция эле эмес. Эмнеге түрмөдө ушундай абал? Абактын “положенецтери” түрмөдөгү тартипти кармаганга жардам берет. Түрмө кызматкерлери аларга таянат. Соттолгондор тартип боюнча түрмө кызматкерлерине жардам бергени нормалдуу көрүнүш. Бирок ал мыйзам чегинде болушу керек. А бизде алар чектен өтүп кетет”, - деди Кулов.

Буга чейин Кыргызстандын абактарында криминалга байланышкан бир катар чуулгандуу окуялар катталган. 2011-2012-жылдары жабык жайларда отургандар жапырт ачкачылык жарыялашкан. Ошол кездеги Жаза аткаруу кызматынын жетекчиси Шейшенбек Байзаков абак жайларын тартипке келтирүү аракети чоң каршылыкка дуушар болуп жатканын айткан. Ал маалдагы №1 тергөө абагынын башчысы Марс Жусупбековдун айтымында, абактардагы кырдаалды жөнөкөй жарандар эмес, кылмыш дүйнөсүнүн лидерлери курчуткан.

"Дөө Чыңгыз" атыккан кримтөбөл ким?

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) кримчөйрөдө “Дөө Чыңгыз” деген каймана аты бар Чыңгыз Жумагулов былтыр 15-июлда “опузалап акча талап кылууга” шек саналып кармалганын кабарлаган. Биринчи май райондук соту Жумагуловдун бөгөт чарасын карап, 7-сентябрга чейин №21 абакта кармоо чечимин чыгарган.

Ага чейин, 8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан.

Интернетке "Мерседес-Геллендваген" үлгүсүндөгү жол тандабастын алдын тороп токтогон кичи автобустун ичинен атайын кийимчен кишилер чуркап чыкканын, бирок машине токтобой кеткенин көрсөткөн видео да тараган. Андан кийин УКМК Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Жумагулов менен атышуу болбогону тууралуу маалымат тараткан.

41 жаштагы Чыңгыз Жумагулов буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү экени айтылып келген. Ысык-Ата районунун Ичке-Суу айылында туулган. “Дөө Чыңгыз” атыккан кримтөбөл Чүйдө таасирдүү ишмердик жүргүзгөнү жөнүндө да сөз тараган.

Оор кылмышка айыпталып, бирок абактан бат эле чыкчу

2016-жылы Жумагулов адам өлтүрүүгө катышуу, бийлик өкүлүнө күч колдонуу, кылмыштуу топ түзүү деген негизде күнөөлөнүп, абактан эки жылдан кийин бошотулган.

2020-жылдын 11-апрелинде Бишкекте эки адамды мыкаачылык менен токмоктоп өлтүрүүгө шек саналып кармалган. Каза болгондор да, шектүүлөр да криминалдык топтордун мүчөлөрү экени аныкталган.

2020-жылдын 19-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны бул окуяга байланыштуу "Кылмышка кошо катышуучулардын түрлөрү" жана "Уюшкан топту түзүү же ага катышуу" беренелери боюнча актап, "Ээнбаштык" беренесинин негизинде күнөөлүү деп таап, беш жылга абакка кескен.

2021-жылдын 12-июлунда Жумагулов абактан чыккан. Жаза аткаруу кызматы ал жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн, сот чечими менен мыйзамдуу бошотулганын билдирген.

2022-жылы 30-июлда Бишкектеги №1 тергөө абагында бычакталып өлтүрүлгөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG