Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:08

Көлбаевдин кылмыштуу тобунун төрт мүчөсү тергөө аяктаганга чейин камалды


Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. деген аттар менен таанымал мүчөлөрү. УКМК тараткан сүрөт.
Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. деген аттар менен таанымал мүчөлөрү. УКМК тараткан сүрөт.

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен криминалдык лидер Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү – Алтуха, Протез, Кеня жана А.К. деген аттар менен таанымал (А.И., К.Т., А.К. жана А.Ш.) төрт киши тергөө мөөнөтү аяктаганга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматка караганда, алар 23-майда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагындагы кылмыштарга байланыштуу козголгон иштин алкагында кармалган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, алар кыргыз ишкерлеринин Кытайдан импорттогон товарларын көп жылдан бери тартып алып турушкан. Бул боюнча Кыргызстандын жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында туруктуу кылмыштуу схема уюштурулган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогоруда аталган адамдар алдамчылык менен жеке менчик транспорттук-логистикалык ишканадан жалпы суммасы болжол менен 385 миң АКШ долларын түзгөн эл керектөөчү товарлары бар жүктү мыйзамсыз түрдө тартып алышкандыгы такталган.

Бул кылмыштарга абакта жазасын өтөп жаткан башка адамдардын катышы бар же жогу аныкталууда. Кармалгандар УКМКнын тергөө абагына киргизилип, тергөө иштери уланып жатат.

Октябрь окуяларынан кийин "кримтөбөл" атыккан Камчыбек Көлбаев кармалып, март айында тил кат менен кайра бошотулган. УКМК Көлбаев мамлекетке 50 млн. сом төгүп чыкканын маалымдаган.

АКШ 2012-жылы аны дүйнөдөгү эң ири маңзат барондорунун тизмесине кошкон. Андан кийин, 2014-жылы АКШнын Мамлекеттик департаменти Көлбаевдин уюшкан тобу боюнча баалуу маалыматтарга 1 млн. доллар сыйлык жарыялаган. 2017-жылы аны "кара тизмеге" киргизген. Бир жылдан кийин Орусиянын Ички иштер министрлиги да Көлбаевге Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салган.

АКШ буга чейин Көлбаевдин тобу - бир нече евразиялык кылмыштуу топтордун лидерлеринен жана мүчөлөрүнөн турган Brothers’ Circle эл аралык кылмыштуу уюмунун бөлүгү экенин жазган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG