Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:21

Фейк, троллдор фабрикасы: УТРК, Орунбековдун аты аралашкан иликтөө


Иликтөөдөн алынган скриншот.
Иликтөөдөн алынган скриншот.

"Чекит медиа" платформасы "Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөөсүн жарыялады.

Анда Улуттук телерадио корпорациясынын (УТРК) SMM бөлүмү менен президенттин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, эркин медиалардын каралаган фейктердин байланышы талданат.

"Бийликти мактап, каршылашын каралаган фейк-троллдор"

"Чекит медианын” иликтөөсүндө "телеканал жасаган маалыматтарды социалдык тармактарда жайылтуу үчүн УТРКда 2022-жылы түзүлгөн медиа бөлүм фейк жана троллдордун фабрикасы болуп калганы" баяндалат.

Журналист Асел Сооронбаева жаңы медиа бөлүм ишке киришкени анын кызматкерлеринин жана ошол эле учурда фейк акаунттар тарабынан бийликти мактаган коендой окшош билдирүүлөр социалдык тармактарда көп тарай баштаганын изилдеп чыккан. УТРКнын медиа бөлүмүнүн айрым кызматкерлери менен фейк акаунттарынын байланышын көрсөтөт.

Троллдордун жана фейк фабриканын иши Кемпир-Абад маселесинде, “Азаттык” радиосунун соттук иштери, оппозициянын камалашы жана эркин журналисттер, бейөкмөт уюмдарды каралоодо күчөгөн.

Фейк фабриканын артында ким турат?

“Чекит медиа” социалдык тармактардагы акаунттарды анализдөөдөн сырткары анонимдүү булактардын маалыматын берген. Ысымын ачык атабаган булактар "тынбай бийликти мактап-жактаган постторду бөлүшкөн Усубалы Мамбетов УТРКдагы жаңы бөлүмдү жетектерин", аларга президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдон "тапшырма түшөөрүн" айтып берген.

“Чекит медианын” журналистти Асел Сооронбаева Орунбековдун мурдагы ишмердүүлүгүнө токтолуп, буга чейинки фейк фабрикалар тууралуу журналисттик иликтөөлөрдө анын ысымы аталып жүргөнүн белгилеген.

Иликтөөдө журналист мамлекеттик телеканалга кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миллиондогон сом коротуларын айтып, “казынанын каражаты максаттуу пайдаланылып жатабы жана президент фейк фабрикага муктажбы?" дегендей суроо салат.

УТРКнын жана Орунбековдун жообу

"Чекит медианын” видеосунда президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков жана УТРКнын башкы директорунун орун басары Улан Сатиевдин иликтөөдө айтылган дооматтарды толук четке каккан пикири берилген.


Президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков “Азаттыкка” комментарий берип жатып, иликтөөнү каралоо деп атады.

“Көрүп чыктым. Биринчи мен макул болбогон, ынанбаган жагдай, анонимдүү булак деп жалаа жапкан үндү көрсөтүшкөн. Буга чейин сөз эркиндиги, журналистикадагы этика боюнча үйрөтүп келген журналисттер тобу мындай калпыстыкка жол бергенине өтө төмөн деңгээлде баа бердим. Экинчиден, мамлекеттик телеканалдардын журналисттерин өлкөбүздө болуп жаткан жакшы иштерди, өсүү деңгээлин көрсөткөн материалдарды бөлүшкөнүн булар троллдор деп кемсинтүүгө жол беришкен. Сын айтып, негатив издеп же болбосо мамлекеттин кадыр-баркын төмөндөткөн маалыматтарды чыгаргандарга сөз эркиндиги, иликтөөчү журналист деп баа берип, мамлекетибизде жасалып жаткан жакшы иштерди айткандарды троллдор, кемсинтүү деген туура эмес. Бул жолку иликтөөсүн ушактын деңгээлинде, манипуляция жана жалаа катары кабыл алдым”, - деди Орунбеков.

Ал эми УТРКнын жетекчилиги менен байланышууга мүмкүнчүлүк боло элек. Телеканалдын кызматкери Чынара Капарова фейсбуктагы баракчасында мындай жооп жазды.

“УТРК - бул улуттун идеологиясынын, тарыхыбыздын, маданиятыбыздын казынасы. Ошондуктан УТРКга мамлекеттик казынадан күнүнө миллиондор коротулат экен деп, жалгыз "жаңы медиа" бөлүмүнүн жүзү менен маалыматтык чабуул жасоо аракети, элди алдоого жатат”, - деп жазды.

"Медиа сабаттуулукка үйрөтүү зарыл"

Анткен менен соңку жылдары бийликтин, ар кандай саясий күчтөрдүн социалдык тармактарда иштеген фейк фабрикалары күчөгөнү айтылып келген. Өлкөдөгү бир нече массалык маалымат каражаттары фейктер жөнүндө иликтөөлөрдү чыгарып келишет. Алар ар кандай саясий окуяларда жанданып, коомчулуктун пикирин бурууга, кайсы бир топту каралоо үчүн колдонулат.

  • Фейктер же троллдор - социалдык тармактарда атайылап жалган, акылга сыйбаган же мазмунга тиешеси жок билдирүүлөрдү жайгаштырган активдүү аккаунттар. Алардын көбү кайсы бир топту же саясатчыны колдоп, идеясын жайылтат. Оппоненттерди каралап, далилсиз айыптоолорду таратат.

Мындан сырткары, акыркы мезгилде мамлекеттик массалык маалымат каражаттарында иштеген журналисттер социалдык тармактардагы жеке баракчаларында бийликтин мактаган постторду байма-бай жарыялап, айрым учурда ар кандай медиалар жасаган иликтөөлөргө каршы видео даярдаган көрүнүштөр башталды.

Журналист Миржан Балыбаев Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдө маалыматтык согуш, манипуляциясы күчөп турган учурда коомчулукту медиа сабаттуулукка үйрөтүү зарыл деп эсептейт. Бул ишти ириде медиа коомчулук аткарышы керек.

“Бул ыкма аябай ыңгайлуу болуп калганына байланыштуу мындан арылыш кыйын го деп ойлойм. Сөзсүз эле колунда бийлиги бар эмес, таасирдүү, акчасы бар саясий күчтөр дагы колдонот, аны көргөнбүз. Андыктан калктын медиа сабаттуулугун көтөрүү керек. Маалымат колдонуучулар өздөрү маалыматтарды ылгап алганга көнүшү керек. Фейк, тролл менен күрөшүүнүн эң натыйжалуу жолу ушул”, - деди Балыбаев.

Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет.

Фейктердин калпын ашкере кылган долбоор
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:26 0:00

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG