Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

FH: Кыргызстан автократияга ооду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Freedom House эл аралык укук коргоо уюму "Өткөөл мезгилдеги өлкөлөр" деген жылдык докладын жарыялады. Борбордук Европа менен Борбор Азиядагы демократиянын деңгээлин талдаган отчетто Кыргызстан чөлкөмдүн калган мамлекеттериндей эле кайрадан "бекемделген автократиялык режимдер” деген топко кирди.

Өлкөнүн көрсөткүчү былтыркыга жана 2021-жылга караганда начарлаган. Биздин суроолорубузга докладдын авторлорунун бири, улук аналитик Майк Смелцер жооп берди.

- Адегенде кандай негизги жыйынтыкка келгениңерди айтып берсеңиз. Жаңы докладда Украинадагы согуш же тагыраагы Орусиянын агрессиясы Борбордук Европа жана Борбор Азияда автократия менен демократия ортосундагы ажырымды тереңдетип жатканы айтылыптыр.

- Борбордук Европадан Борбор Азияга чейинки кеңири аймактагы, 29 өлкөдөгү демократиялык абалга согуш кандай таасир этти деген суроого жооп табууга аракеттендик.

19 жыл катары менен демократиялык башкаруу төмөндөгөнүнө күбө болдук. 11 өлкөдө демократиянын көрсөткүчтөрү начарлаган, бирок жети жерде абал жакшырганы байкалган. Мунун өзү автократия менен демократия ортосундагы ажырымдан кабар берет. Сөз болгон евразиялык 11 өлкөнүн көбү, анын ичинде Борбор Азия мамлекеттери буга чейин эле “бекемделген автократиялык режимдер” деген топко кирчү.

Башкача айтканда, алар биздин классификацияда ого бетер ылдый түшүп кетти. Демократиялык өлкөлөрдө, аралаш режимдерде туруктуулук, тыныгуу менен катар бир аз прогресс байкалган.

Кыскасы, институционалдык көз караштан алганда, бул ар түрдүү чөлкөм. Биз демократия бул жерде калыптанганын, жоголуп кетпегенин көргөзүүнү максат кылдык. Бирок алдыда дагы жасала турган иштер көп.

- Кыргызстан сиз айткан "бекемделген автократиялык режимдер" деген топко киргизилиптир. Бул түшүнүк эмнени билдирет?

Майк Смелцер
Майк Смелцер

- Андай режим өкүм сүргөн өлкөдө жарандардын, жашоочулардын, саясий жана жарандык укуктары иш жүзүндө сакталбайт. Биз докладда демократиялык коомго мүнөздүү адам укуктарын камсыздаган, кепилдеген, ошого кызмат кылган институттарга көңүл бурдук. Тилекке каршы бекемделген автократиялык режимдердин көбүндө ошол институттар автократ жана диктатор лидерлердин каалаганын аткарганына күбө болдук. Биз "жарым-жартылай бекемделген автократиялык" деп сыпатталган өлкөлөр жок экен деген тыянак чыгардык. Бул абдан маанилүү учур.

Себеби, андай өлкөлөрдө адам укуктарынын жана эркиндиктердин абалы мыкты болбосо да, бийлик чектесе да, жок дегенде көз карандысыз медиа, өкмөт менен түздөн түз иштебесе да, айрым учурларда автократиялык мүдөөлөрдүн таянычына айланган жарандык коом бар. Мамлекеттин басым-кысымы, башкача ой-пикирди карманган, нааразылыгын билдирген адамдарды куугунтуктоо бийликтеги режимдердин маанилүү инструментине айланып баратат деген жыйынтыкка келдик.

- Сиздердин уюм Тоолуу Бадахшан, Казакстан жана Каракалпакстандагы кандуу окуяларды "адам укуктарын одоно бузуу учурлары" деп сыпаттап, баса белгилеген. Кыргызстан бактыга жараша андай окуяларды башынан кечирбегени менен демократиялык көрсөткүчтөрү төмөн экен. Мунун себеби эмнеде?

- Демократиялык көрсөткүчтүн начарлашынын себебине токтолсок, Садыр Жапаровдун жана анын өнөктөшү Камчыбек Ташиевдин жетекчилиги иш жүзүндө аткаруу бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү акырындык менен бекемдеп алган. Андайды парламент, сот системасы, коррупцияга каршы институттарынан көрсөк болот. Быйыл эки категориядагы көрсөткүчтүн өзгөчө төмөндөгөнүнө күбө болдук. Кеп Кыргызстанда көз карандысыз тармактын калдыктары болгон – эркин медиа жана жарандык коом тууралуу болууда.

Калган авторитардык чөйрөдөгүдөй эле Кыргызстанда башкаруучу режимдин журналисттердин артынан түшүп, кысымга алганын, катаал чара көргөнүн, журналисттерге каршы сот иштеринин көбөйгөнүн көрүүдөбүз. Мисалы, Болот Темировдун депортациясы же "Азаттык" радиосунун сайтынын бөгөттөлүшү чоң резонанс жараткан жана азыр да өнүгүп жаткан окуя. Кыскасы, Кыргызстанда бизди тынчсыздандырган көрүнүштөр көп, биз аларга жакындан көз салууну улантабыз.

- Демек, эркин медиа категориясындагы көрсөткүч кескин төмөндөгөнбү?

- Ал начарлаган көрөткүчтүн бири. Себеби, 2022-жылы жарандык коомго дагы катуу күрөшүүгө туура келди. Орусиянын Украинага басып кирүүсүнө тушташ Бишкекте митингдерге тыюу салынды, Өзбекстан менен чек ара макулдашуусуна каршылыгын тынч билдирген активисттер, укук коргоочулар, оппозициялык саясатчылар кармалды. Көз карандысыз маалымат каражаттары менен жарандык коомдо өкмөт, аткаруу бийлиги аларды көзөмөлдөө аракетин көрүүдө деген кооптонуу бар.

- Украинадагы согуш Борбор Азиядагы абалга таасир эттиби, кандай дейсиз?

- Бул абдан кызыктуу суроо. Мени согуштун анча таасир тийгизбегени таң калтырды. Менимче, согуштун экономикалык кесепети, Орусияга салынган санкциялардын Борбор Азияга эпкини кандай болушу ыктымал, лидерлердин чечимдерине кандай таасир этет деген маселе козголуп келет.

Бирок чөлкөмдөгү демократиялык көрсөткүчтөрдүн начарлашы Орусиянын агрессиясына караганда, ошол мамлекеттердеги башкаруучу элитанын бийликти колуна топтоо жараянына көбүрөөк барып такалат. Маселе, Москвада же Орусиянын Борбор Азиядагы динамиканы өзгөртүү жөндөмүндө эмес, өлкөлөрдүн ишмердигинде, айрыкча автократ лидерлеринде. Бул чындыгында Борбор Азия өлкөлөрүнүн азыркы багытын аныктаган негизги жана маанилүү фактор.

- Борбор Азиядагы калган өлкөлөрдөгү демократиянын абалына учкай токтолсоңуз?

- Борбор Азиядагы авторитардык жетекчилер үстөмдүк кылууга ыктап калганын көрүүдөбүз. Быйылкы докладда бул аймак мамлекеттик зомбулук кучагынан чыга албаган өзүнчө бир айлампага айланганын белгиледик.

Борбор Азиядагы автократияларда клептократ, непотизмди гүлдөткөн жетекчиликтин бийликти бекемдеши жана байлык топтогону нааразылыкка алып келүүдө. Казакстанда, Жаңы-Өзөндө газдын кымбатташына каршы нааразылык жалпы улуттук акцияларга айланганда бийлик жана лидерлер кандай реакция кылды? Элди түйшөлткөн маселени чечүүгө эмес, күч колдонууга киришти. Нааразылыкты күч менен басууга аракеттеништи. Кеминде 238 кишинин өлүмүнөн кийин ошол кандуу окуяларды иликтөө үчүн жетишерлик аракет кылган жок. Жалпы динамиканы өзгөртпөгөн, минималдуу, үстүрт чараларды көрүшүүдө. Андай жарым-жартылай чаралар келечектеги башаламандыкка жол ачат. Андай акцияларды азыртадан эле көрүп жатабыз.

- Докладда өкмөттөргө фундаменталдуу эркиндиктерди камсыз кылуу үчүн кандай сунуштар берилди?

- Менимче жарандардын лидер тандоо мүмкүнчүлүгү эң негизги маселе болууда. Элге таза жана калыс шайлоону кайтарып берүү абдан маанилүү деп ойлойм. Себеби, жаңы идеялар, жаңы жетекчилер зарыл. Айрым лидерлер ондогон жылдан бери башкарып келет. Бийлик мамлекеттик ресурстарды өз пайдасына пайдаланбаган адилет жана эркин, оппозиция кеңири ат салышкан шайлоо, жарандарга өз келечегин аныктоого шарт түзүү чындап эле чечүүчү маселе. Бул көптөгөн жылдардан бери көз жаздымда калууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG