Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:28

Президент Жапаров айрым блогерлер жана активисттер менен жолукту


Садыр Жапаров
Садыр Жапаров

Президент Садыр Жапаров айрым блогерлер жана активисттер менен жолукту.

Бул маалыматты мамлекет башчы менен жолуккандардын айрымдары "Азаттыкка" ырастады.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 24.kg сайтына жолугушуу болгонун тактаган, бирок ага кайсы блогер жана активисттер барганын ачык айткан эмес.

Жолугушууда эмне сөз болгону тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Былтыр 5-июлда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров айрым журналисттер, блогерлер жана социалдык тармактын активдүү колдонуучулары менен жолуккан. Айрым журналисттер жолугушууга чакырууда иргеп-тандоо болгонун, иликтөөчү журналисттер тизмеге илинбей калганын айтып чыгышкан.

Ушу тапта бийликти сындаган же оюн эркин айтып чыккан айрым блогер, активисттердин иштери сотто каралууда.

Эл аралык Freedom House (FH) уюму “Дүйнөдөгү эркиндик - 2023” аттуу жаңы баяндамасында Кыргызстанды үчүнчү жылы катары менен “эркин эмес” өлкөлөрдүн катарына кошту. Уюм өлкөдө саясий укуктар чектелип, маалымат каражаттары басымга туш болгонун белгилейт.

"Чек арасыз кабарчылар" уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан.

Бийлик өкүлдөрү Кыргызстанда сөз эркиндиги бардыгын, ар ким өз оюн эркин жана ачык айта аларын белгилеп келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG