Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Кыйноолорго каршы борбор жабык жайларда аял укугу көп бузуларын аныктады


Аялдар абагынын короосу. Степное айылы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.
Аялдар абагынын короосу. Степное айылы, Чүй. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жабык жайларда аялдар түрдүү зордук-зомбулукка дуушар болуп, укуктары көп бузулат. Бул тууралуу Кыйноолорго каршы улуттук борбор маалымдады.

Анда "Аялдардын ар-намысы тебеленип, сексуалдык ыдык көрүшөт, кыйноолорго, орой, катаал мамилеге, психологиялык гана эмес, күч колдонулган зомбулукка туш болушат. Мындай зомбулуктарга кайсы бир кылмыш ишине шек саналган же айыпталган аялдар гана эмес, күбөлөр, жабырлануучулар да дуушар болушат" деп жазылган.

Борбордун баяндамасында жазылгандай, аялдардын укугу алар кайсы бир кылмыш ишине шек саналып кармалган кезден тартып бузулат.

"Аялды кармоо процессине аял кызматкер катышуусу керек. Анткени бул учурда аялдын денеси да каралышы ыктымал. Бирок иш жүзүндө аялдардын басымдуу бөлүгү кармоо процессине эркектер гана катышканын айтышты. Аларды алып жүргөн кароолдор да негизинен эркектер", - деп жазылган баяндамада.

Баяндамага ылайык, убактылуу кармоочу жайларда, тергөө абактарында аялдарга ыңгайлуу шарт жок. Атайын аялдар үчүн жуунчу жай бөлүнгөн эмес, сурамжылоого катышкан аялдардын 46% муздак сууга чайканып, ден соолугу начарлаганын айтышкан. Аялдар сотко же тергөөгө эркектер менен чогуу бир автоунаада ташылат. Жашы жете элек кыздар убактылуу кармоочу жайларда жана тергөө абактарында улуу аялдар менен чогуу кармалат. Ошол эле учурда секелектер менен чогуу мурда бир нече жолу кылмыш кылган аялдар да кармалат.

Аялдардын саламаттыгын текшерүү негизинен эркек дарыгерлер тарабынан жүргүзүлөт же дарыгер аялды коштогон эркек кызматкерлер кароого катышат.

Кыргызстандын мыйзамдары соттордон шектүүнүн жашына, саламаттыгына, үй-бүлөлүк абалына, кесибине жана башка шарттарга көңүл бурууну талап кылат. Бирок ага карабай, жабык мекемелерде кош бойлуу же кичинекей балдары бар энелер, оорулуу аялдар да бар экенин Кыйноолорго каршы улуттук борбор жүргүзгөн мониторингде аныкталган.

Былтыр декабрь айында Сверлов райондук соту тергөө абагында төрөгөн келинди алты жылга эркинен ажыраткан. Адвокаттын доо арызын караган Бишкек шаардык соту 3-мартта келинди жаңы төрөлгөн ымыркайы 14 жашка чыкканга чейин эркиндикке чыгарууну чечкен. Ага ылайык, Свердлов райондук сотунун өкүмү ымыркай 14 жашка чыкканга чейин аткарылбайт.

2022-жылкы расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 11 түзөтүү мекемеси, алты тергөө изолятору, бир түрмө, 13 түзөтүү абагы, 50 аймактык жаза аткаруу инспекциясы бар. 2020-жылга карата жаза мөөнөтүн 9 миңден ашуун адам өтөп жатат. Алардын 500дөн ашууну аялдар.

Кыргызстандагы жалгыз аялдар абагы Чүйдүн Степное айылында жайгашкан. Анда 350дөй аял отурса, алардын 25% "Киши өлтүрүү" беренеси менен соттолгон. Расмий маалыматта алардын жарымынан көбү күйөөсүн же зомбулук көрсөткөн башка адамды өлтүрүп алгандар. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG