Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:23

Ошто оюн-зоок борборунда чыккан өрт толук өчүрүлдү, жабыркагандар жок


"Таш-Рабат" оюн-зоок борборунун өрттөнгөндөн кийинки абалы. Ош шаары. 21-май, 2023-жыл.
"Таш-Рабат" оюн-зоок борборунун өрттөнгөндөн кийинки абалы. Ош шаары. 21-май, 2023-жыл.

21-май күнү 8:40 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндөгү "Ташрабат" комплексинин имаратынан чыккан өрт толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен "Азаттыкка" кабарлашты.

Маалыматка ылайык, өрт чыккан жерге алты өрт өчүрүүчү бригада тартылып, 9:30да толук чектөөгө алынган.

Жалын болжолдуу түрдө имараттын 1300 чарчы метрден ашык жерин каптаган.

Өрттөн жабыркагандар жок. Учурда өрттүн себеби такталып жатат.

31-мартка караган түнү Бишкектеги "Алькони" заводунан өрт чыгып, болжол менен 3500 м2 аянты күйгөн. Өрттүн жалыны ага жакын жайгашкан 11 контейнерге өткөн. Өрт өчүрүүчүлөрдүн ыкчам аракетинен улам 23 контейнерге зыян келтирилген эмес.

30-мартта Бишкектеги "Ала-Арча" соода, оюн-зоок борборунда да өрт чыгып өчүрүлгөн.

24-март күнү Боом капчыгайындагы талаада болжолдуу түрдө 50 гектар аянт өрттөнгөн.(DSh/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG