Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:57

Аксыда сел жүрүп, чатырларды шамал учурду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Аксыда сел жүрүп, шамал турак жайлардын чатырын учурду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жалал-Абад облусундагы башкармалыгы билдирди.

Бүгүн, 20-май күнү болжол менен саат 17:30дар чамасында мөндүр аралаш жааган жамгырдын кесепетинен Авлетим айыл аймагындагы үч, Кызыл-Туу айыл аймагындагы эки айылда турак жайларды жана тамаркаларын суу каптаган.

Мындан сырткары Кара-Жыгач аймагында Дардак-Дөбө участкасында эки турак үйдүн чатырын шамал учуруп, электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

Аксы райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн өздүк курамы айылдарды кыдырып жүрөт.

Мекеменин эсебинде, Жалал-Абад облусундагы сел, жер жана кар көчкү сыяктуу табигый кырсыктар болушу мүмкүн болгон аймактарда кеминде 1160 үй-бүлө жашайт. (TB)

XS
SM
MD
LG