Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:01

Кочкор-Атада ууланган окуучулар Ош шаарына которулду


Кочкор-Ата.
Кочкор-Ата.

Жалал-Абад облусундагы Кочкор-Ата шаарындагы мектептин ууланган окуучуларынын 20сы Ош облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнө которулду.

Бул тууралуу бүгүн, 18-майда Жалал-Абад облустук эпидемияга жана эпизоотияга каршы комиссиянын жыйынында айтылды.

Бейтапканада жаткан окуучуларда баш айлануу, алсыздык сыяктуу белгилер токтобогондуктан балдар 17-майда Ош облусундагы ооруканага которулду.

Саламаттык сактоо министрлигинин Жалал-Абад облусундагы координатору Каарманбек Байдавлетовдун айтымында, кандагы уу затты аныктай турган анализдин жыйынтыгы ушул аптанын аягында чыгат.

"Уулануунун белгилери жоюлбагандыктан бейтаптарды Ош облустук ооруканасына котордук", - деди Байдавлетов.

11-майда Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарындагы №15 Беки уулу Семетей атындагы орто мектептин 6-7-8-класстарынын окуучулары өздөрүн жаман сезип, "Тез жардам" кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген. (ТВ)

XS
SM
MD
LG