Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

Британиянын парламентинин өкүлдөрү “Азаттыктын” иши боюнча кыргыз бийлигине кайрылды


Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин өкүлдөрү Бишкекте. 19-май, 2023-жыл.
Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин өкүлдөрү Бишкекте. 19-май, 2023-жыл.

Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс өлкөдөгү сөз эркиндиги жана “Азаттыктын” тегерегиндеги окуяга байланыштуу кыргыз бийлигине кайрылды.

Бул тууралуу ал 19-майда Бишкекте журналисттер менен жолуккан учурда билдирди.

“Биз Кыргызстандагы жарандык коомдун абалы менен тааныштык, өзгөчө адам укугу, аялдарга болгон мамиле жаатында жакшырта турган иштер бар экен. Өзгөчө “Азаттыктын” айланасындагы окуялар тууралуу кабардарбыз жана абдан тынчсызданып турабыз. Бул тууралуу биз Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүнө да кайрылдык. Алар "мыйзамды бузган" деп айтышты. Бирок биз калыс чечим чыгарууга жана ал чечим жабууга себеп болбошу керектигин сурандык”, - деди Алисия Кернс.

Британиянын парламентинин өкүлдөрү Алисия Кернс жана Нил Койл Кыргызстанга 18-майда келген. Алар Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге жана депутаттарга жолуккан. Жарандык коомдун өкүлдөрүнө жана ишкерлерге да жолугуп, эки өлкөнүн кызматташтыгын талкуулаган.

Май айынын башында Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилиги “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу боюнча сот чечимине тынчсыздануусун билдирген. АКШнын мамлекеттик департаменти, Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, Бириккен Улуттар Уюмунун туруктуу өкүлү, АКШнын, Германиянын, Франциянын элчиликтери жана бир катар эл аралык уюмдар да ушундай билдирүү жасап, кыргыз бийлигин сөз эркиндигин сактоого чакырышкан.

Бул кайрылууларга президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев 3-майда жооп берип, “Азаттыкка” байланыштуу чаралар мыйзам чегинде көрүлгөнүн, сот өз алдынча чечим чыгарганын маалымдаган. Ал айтылган сындарды "орунсуз" деп эсептей турганын, Кыргызстанда сөз эркиндигине жана эркин медиаларга чектөө жок экенин белгилеп, өлкөнүн ички ишине кийлигишпөөгө чакырган.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин токтотуу тууралуу чечим чыгарган. Андай өтүнүч менен сотко Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги быйыл январь айында кайрылган жана буга жүйө катары “Настоящее время” телеканалынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал тууралуу түз эфирдеги видеоматериалын келтирген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай соттун бул чечимин “чектен чыккан” деп атап, ага каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин билдирген.

Бул иштен тышкары “Азаттыктын” жарым жылдан бери бөгөттөлүп турган сайты жана банктагы чектөөгө алынган эсеби боюнча да өзүнчө соттук териштирүүлөр уланууда.

“Азаттык” – каржылык пайда көздөбөгөн, көз каранды эмес “Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кыргыз кызматы. Кыргызстанда “Азаттык Медиа” деп расмий катталган. (MKt)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG