Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

Кыргызстан-Кытай ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол курулат


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин документтерге кол коюу учурунда.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпин документтерге кол коюу учурунда.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда Бедел ашуусу аркылуу жаңы жол куруу жана өткөрүү пунктун ачуу тууралуу сүйлөшүү жүрүүдө.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча айтып жатып билдирди. Министр эки өлкө ортосунда жол куруу, жаңы аба каттамдарын ачуу мүмкүнчүлүктөрү каралып жатканын айтты.

"Негизинен эки мамлекет ортосундагы соода-сатыкты кеңейтүүгө жана жеңилдетүүгө көңүл бурулду. Бул үчүн эки мамлекет ортосундагы транспорттук байланышты активдештирүү керек. Ошондуктан "Эркечтам" жана "Торугарттын" жолун оңдоп, өткөрүү пунктарынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну жана авиакаттамдарды көбөйтүүнү сүйлөштүк. Азыр Үрүмчү-Бишкек, Сиань-Бишкек аба байланышы бар, аны кеңейтип Бээжин-Бишкек каттамы ачылышы ыктымал. Мындан сырткары Бедел ашуусу аркылуу үчүнчү өткөрүү пунктун ачуу боюнча сүйлөшүү болду", - деди министр.

Кулубаевдин айтымында, Кытай жашыл экономика багытында Кыргызстандын стратегиялык объектилерин, ГЭСтерди курууга кызыкдар экенин кошумчалады.

Садыр Жапаров Кытайга 17-майда барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-май күндөрү болду. Сапардын алкагында ал Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышып, мамлекеттик жетекчилер, бизнес өкүлдөрү менен жолукту.

Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапарында 20дан ашык документке кол коюлду. (КЕ)

XS
SM
MD
LG