Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:53

АКШнын санкцияга байланыштуу өкүлдөрү Кыргызстанга келди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанга АКШнын финансы министринин каржылык кылмыштарга каршы күрөш боюнча орун басары Элизабет Розенберг менен соода министринин орун басары Мэтью Аксельрод келди. Алар кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жана Улуттук банктын жетекчилери менен Украинага каршы согуш ачканы үчүн Москвага салынган санкцияларды кыйгап өтүү жолдорун токтотууга байланыштуу жолугушууларды өткөрдү.

Сапардын соңунда АКШнын өкүлдөрү "Акипресс" маалымат агенттигине маек куруп, санкциялар жана алардын Кыргызстанга таасири, кесепети тууралуу суроолорго жооп беришти.

Мэтью Аксельрод согуш башталгандан бери Орусияга кыргыз экспорту эки эседен ашык көбөйгөнүн, анын басымдуу бөлүгү өлкө экономикасы үчүн пайдалуу, мыйзамдуу соода экенин айткан. Ошол эле маалда экспортко чыгарылган товарлар арасында санкцияга илингени да бар болушу мүмкүндүгүн билдирген.

"Биз экспорттун кайсы бөлүгүндө биздин мыйзамдар менен тыюу салынган буюм-тайымдар бар болсо керек деген ойдобуз. Ушул себептен улам биз бул жерге келип, кыргыз өкмөтү, финасылык институттар жана башкалар менен соода-сатык тууралуу соңку маалыматтар эмнени көрсөтөрүн кеңешели деп келдик. Бизди Украинадагы согуш талааларынан табылган орусиялык ракеталардын жана дрондордун санкцияга илинген, белгилүү бир компоненттер чындап тынчсыздандырат. Биз Орусия биздин мыйзамдарды жана көзөмөлдү кыйгап өтүү үчүн Кыргызстандагы, Казакстандагы жана башка жерлердеги компанияларды колдонууга аракет жасабайт деп ишенгибиз келет. Башында айтылгандай, экспорттун кескин көбөйүшү бизди кайсы бир деңгээлде тынчсыздандырат",-деген Аксельрод.

АКШнын өкүлдөрү санкцияга илинген товарлардын тизмесин кыргыз өкмөт өкүлдөрүнө, жеке компанияларга берилгенин белгилешкен.

Кыргыз өкмөтү бул жолгушуулар тууралуу азырынча расмий маалымат бере элек.

Ушул күндөрү Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид да иш сапары менен Кыргызстанда жүрөт.

Ал 26-28-апрелдеги сапарынын алкагында Украинага кол салганы үчүн Москвага каршы киргизилген санкцияларды ишке ашыруу боюнча жергиликтүү бийлик жана ишкерлер менен жолугушары айтылган. Ошондой эле, Орусиянын санкциялардан кыйгап өтүү аракеттерин алдын алуу боюнча кызматташууну талкуулайт.

Өткөн айда Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан да Бишкекке келип, бир нече сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Ал биримдиктеги өлкөлөрдөн Борбор Азиядагы Орусияга өнөктөш өлкөлөргө товарларды сатуу 300 пайызга чейин өскөнүн, санкцияны колдобогон өлкөлөр Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүүсүнө көмөктөшпөшү керектигин басма сөз жыйынында айткан.

Былтыр Орусия Украинага кол салгандан кийин, АКШнын Каржы министрлиги санкция салынган товарлар Орусия жана Беларустун рыногуна өтүп кетүү тобокелдиги бар деген өлкөлөрдүн тизмесин аныктаган. Мындай өлкөлөрдүн катарына Борбор Азиянын башка өлкөлөрү менен бирге Кыргызстан да киргизилген. Документте санкция салынган товарлар бул өлкөлөргө сырьё катары мыйзамдуу жеткирилиши мүмкүн экени, бирок андан ары Орусия менен Беларуска экспорттолушуна тыюу салынары белгиленген.

Кыргыз бийлиги Орусиянын Украинага каршы согушунда нейтралдуу позицияны карманарын айтып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG