Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

Amnesty International: “Азаттыкты” жабуу чечими сөз эркиндигине олуттуу сокку


Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева. 27-апрель, 2023-жыл.
Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева. 27-апрель, 2023-жыл.

Эл аралык Amnesty International (AI) уюму Кыргызстандын бийлигин “Азаттык Медиа” мекемесин соттун чечими менен жабуу аракетинен баш тартууга чакырды. Уюм журналисттерди жана бийликке сын айткандарды куугунтуктоону токтотууга үндөп, сөз эркиндиги сакталышы керектигин билдирди.

Amnesty International (AI) уюмунун Чыгыш Европа жана Борбор Азия боюнча башкы директору Мари Стразерс “Настоящее время” телеканалына кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыш боюнча чыккан видео “Азаттыкты” жабууга шылтоо болгонун айтты.

“Азаттык” радиосунун жабылышы бир эле Жалпыга маалымдоо каражатына цензура эмес, бул өлкөдөгү сөз эркиндигине олуттуу сокку. Кыргыз бийлиги өлкөдө болуп жаткан окуяларды сын көз караш менен чагылдырууну чектеп, журналисттердин оозун жабуу үчүн дагы бир кадам жасады”.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева “Азаттык Медиа” мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосу соттун “Азаттык Медианын” ишмердигин токтотуу тууралуу “чектен чыккан” чечимине каршы даттанарын бул эл аралык медиа корпорациянын президенти Жейми Флай билдирди.

“Азаттыктын” адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна арызданганы жатат.

Министрликтин “Азаттык Медиага” каршы жазган доо арызында эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

Ушул тапта “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат.

Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин “Азаттыктын” ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG