Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

ПАСЕ Орусиянын украин балдарды чыгарып кетишин геноцид деп тааныды


Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жыйыны, архивдик сүрөт.
Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясынын жыйыны, архивдик сүрөт.

Европа Кеңешинин парламенттик ассамблеясы (ПАСЕ) бейшембиде украиналык балдарды күчтөп Орусияга алып чыгып кетүүнү жана депортацияны айыптаган резолюция кабыл алды. Бул тууралуу Voice of Ameriсa сайты кабарлады. Анда украин балдардын күчтөп чыгарылып кетиши "алдын ала пландаштырылган, мамлекеттик саясат катары уюштурулган атайын аракет" катары бааланган.

Резолюцияда жазылгандай, бул саясаттын максаты "балдардын украиналык тек-жайын, байланышын жок кылуу" болгон. Аталган уюмдун журналисттер үчүн даярдалган билдирүүсүндө украиналык балдарды Орусияга мажбурлап алып чыгып кетүү геноцид деген эл аралык аныктамага туура келери белгилеген. Ошондой эле депортациялангандар "орусташтыруу" жараянына кабылганы жазылган.

Буга чейин Киев Орусияга 19 миңден ашык бала депортацияланганын, дагы миңдеген баланын тагдыры беймаалым экенин билдирген.

Украинанын Орусия оккупациялап алган аймактарынан балдар сыртка чыгарылганын эл аралык укук геноцидге теңейт.

Өткөн айда Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Орусиянын президенти Владимир Путин менен Мария Львова-Белованы камоо тууралуу ордер чыгарган. Аларга негизинен украиналык балдарды Орусиянын аймагына мажбурлап алып чыгарганына байланыштуу айып коюлган.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Мария Захарова соттун чечимин Москва тааныбай турганын билдирген. АКШ, Европа өлкөлөрү Гаага сотунун чечимин кубаттаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG