Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:33

"Фейк" мыйзамын комитет өзгөрттү, чечим парламентте


Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Кыргызстанда "Жалган маалыматтан коргоо тууралуу" мыйзамдын кабыл алынышына каршы бир катар нааразылык акциялары өткөн.

Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети 16-майдагы жыйынында "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жактырды.

Документтин авторлору азыркы мыйзамда сөз эркиндигине коркунуч жараткан бир катар жагдайлар бар экенин белгилешкен. Кыргыз өкмөтү "учурдагы мыйзамды өзгөртүү зарылчылыгы жок" деген корутунду бергени белгилүү болгон.

2021-жылы августта кабыл алынган бул мыйзамдын негизинде "Азаттыктын" сайты бөгөттөлүп, аны медиа катары жабуу тууралуу арыздын жазылып, сот жараянына жол ачкан жана бул коомдо талаш-талкуу жараткан.

Мыйзам долбоорун "Альянс" фракциясынын лидери Жанар Акаев баштаган депутаттык топ иштеп чыккан. Ал "Азаттыкка" комментарий берип жатып, документте эркин медианын ишин чектеген жагдайларды жумшартуу, бул жаатта чукул чара көрүү мүмкүнчүлүгүн жоюу сунушталып жатканын айтып берди.

"Буга чейин медиага каршы арызданган тарап ошол материалды 24 саат ичинде алдыртып салуу, болбосо ошол сайтты ыкчам бөгөттөп, жаптыруу мүмкүнчүлүгүн алган. Биз бул мыйзам долбоору менен медиалардын жетекчилигин өздөрүнүн позициясын негиздеп берүүгө, даттанууга, аны кароого мүмкүнчүлүк берип, жалпыга маалымдоо каражаттарын бөгөттөө жол-жобосун татаалдаштырып жатабыз. Болбосо, бир катар эркин медиаларга, сөз эркиндигине тоскоол болушу мүмкүн деген кооптонуулар бар", - деди Акаев.

Ал ошондой эле келерки аптада долбоорду ЖКнын Социалдык саясат комитети карай турганын айтты.

Маселен, азыркы мыйзамдын 3-беренесинде жалган маалымат тууралуу арыз жазган тарап ошол материалды "кайрылган учурдан тартып 24 саат ичинде алып салууну жана анын жалган экени тууралуу кайталап маалымат чыгарууну талап кылары" жазылган.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоордо "24 сааттын ичинде" деген жери алынып салган.


Учурдагы мыйзамдын ушул эле беренесинде жалган маалыматты алып салуу убактысы бузулганда "Министрлер кабинети аныктаган тартипте медианын ээсине каршы даттанууга, фейк маалыматты алып салууну, сайтты жабууну талап кылууга укугу бар экени" белгиленген. Долбоордо мунун баары өкмөт эмес, мыйзам аныктаган тартипте жүрүшү керектиги көрсөтүлгөн.

Мыйзам долбоордо 3-беренеге сайттын же интернеттеги баракчанын ээсинин аракеттерине даттануунун тартиби тууралуу кошумча, жаңы жобо киргизилген. Ага ылайык, маалыматты алып салуу жөнүндө арызда анын жалган экенин негиздеген фактылар камтылышы керектиги жазылган. Арыз келип түшкөндөн кийин маалыматты алып салуу талабын үч күндүн ичинде карап чыгууга милдеттүү экени белгиленген. Андан сырткары маалыматты алып салуудан баш тартылган учурда арыз ээси өкмөт аныктаган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга арыз менен кайрылууга укуктуу болору көрсөтүлгөн.

Ошондой эле түшкөн арыз сайттын же сайттагы баракчанын ээсинин катышуусунда каралышы керектиги эскертилген. Ыйгарым укуктуу органдын чечимине каршы сотко даттануу, сот жүрүп жаткан учурда мамлекеттик органдын чечимин аткаруу токтотуу мүмкүнчүлүгү бар.

Парламенттин басма сөз кызматынын билдиришинче, талкуу маалында депутаттар Улугбек Ормонов, Бактыбек Сыдыков жалган маалымат тараткан маалымат каражаттарынын жоопкерчилигин күчөтүү маселесин көтөрдү.

Анда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу былтыр ушул мыйзамдын негизинде 22 арыз каралганын билдирди.

Буга чейин кыргыз өкмөтү азыркы мыйзамды өзгөртүүгө каршы экени белгилүү болгон. Министрлер кабинетининин төрагасы Акылбек Жапаровдун колу коюлган катта дооматтардын баары четке кагылган жана азыркы мыйзам жалган маалыматтан коргоого багытталганы жазылган.

"Кыргызстандын Конституциясы ар бир адамга маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка жол менен таратууга укук бере турганын белгилейбиз. Ошол эле учурда мамлекетибиздин негизги мыйзамы жарандарды башкалардын укуктарын, эркиндигин, ар-намысын жана кадыр-баркын сыйлоого милдеттендирет.

Ар бир жаран өзүнүн жеке жашоосунун кол тийбестигине, ар-намысын жана кадыр-баркын урматтоого жана коргоого укуктуу. Мамлекет ар бир адамды анын жеке жана үй-бүлөлүк жашоосуна өзүмбилемдик же мыйзамсыз кийлигишүүдөн, анын ар-намысына жана кадыр-баркына кол салуудан коргоого кепилдик берет. Жаран кандайдыр бир коомдук же башка айыпталган учурда ар-намысын, кадыр-баркын, ишкердик беделин жана укуктарын коргоого укуктуу.

Ушуга байланыштуу “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган. Анда жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана эркиндигин камсыз кылуу жана аларды жалган маалыматтардан коргоо максатында, жалган маалымат тараткан тараптын жоопкерчилиги, укуктук мамилелердин субъекттеринин укуктары жана милдеттери белгиленген. Интернет-сайттан же сайттын баракчасынан (жалган) маалыматтарды дароо (адам кайрылган учурдан тартып 24 сааттан кечиктирбей) алып салууга жана аларды анык эмес (жалган) маалыматтардан коргоого багытталган", - деп жазылган катта.

Өкмөттүн каршылыгынан улам бул мыйзам долбоорун комитет жактырганы менен жалпы жыйында кабыл алуу кыйын болору айтыла баштады.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Акылбек Жапаровдун колу коюлган корутундуга каршылыгын билдирген. Өкмөт буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Ал арада Кыргызстан медиа аракет платформасы Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылып, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүнү колдоого чакырды.

Уюмдун мүчөсү Аскер Сакыбаеванын айтымында, учурдагы мыйзамга өзгөртүү-толуктоо кирсе, бир катар түшүнксүз жагдайлар жоюлат.

"Жаңы мыйзам долбоору кабыл алынса, ал учурда журналистика тармагына терс таасирин тийгизип жаткан Гүлшат Асылбаеванын айтылуу мыйзамын Кыргызстандын азыркы мыйзамдарына шайкеш келтирет. Башкача айтканда, эгер долбоор кабыл алынса, кайсы мыйзамдарга шилтеме берилиши керек, аны кандайча колдонуу керек деген учурларда бардык тараптарга, сотко берген тарапка дагы, жоопкер тарапка дагы түшүнүктүү болот. Демек мыйзамдын салмагын арттырат. Чындап иштей турганын көрсөтөт. Бул мыйзам негизинен айрыкча сөз эркиндигине тиешелүү болгондуктан мамлекеттик органдардын бул жааттагы аракеттеринин түшүнүктүү болушуна алып келмек".


Гүлшат Асылбаева парламентте депутат болуп турганда жазган "Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам бир топ талаш-тартыштардан кийин 2021-жылы кабыл алынган. Анда эгер кимдир бирөө кайсы бир сайт “фейк” маалымат жарыялаганын айтып арызданса, ал сайт соттун чечимисиз эле бөгөттөлөрү жазылган. Ага жарандык активисттер жана укук коргоочулар каршылык билдирип чыгышкан. Мыйзамды аткаруу милдети Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине жүктөлгөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам “демократиялык баалуулуктарга терс таасирин тийгизип, жалпы коомубуздун башын бириктирүүгө зыян келтириши мүмкүн” деген негизде аны өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун иштеп чыгып, сунуштаганы былтыр сентябрда белгилүү болгон.

Сөз болгон мыйзамдын негизинде былтыр октябрь айынан бери “Азаттыктын” сайты бөгөттөлүп турат. Ошондой эле, мыйзам Маданият, маалымат жана жаштар саясатя министрлигине "Азаттыктын" ишмердигин токтотуу арызы менен сотко кайрылышына негиз болгон. Бишкектеги Ленин райондук соту министрликтин арызын канааттандырган. "Азаттык" мындан улам шаардык сотко кайрылууга даярданып жатат.

Кыргыз бийлиги сөз эркиндигинин чектелиши тууралуу дооматтарды четке кагып келет. Президент Садыр Жапаров ушул айдын башында Конституция күнүндө сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө Баш мыйзамга ылайык, сөз эркиндиги толук сакталып жатканын белгилеген.

"Бизде сөз эркиндиги менен адам укуктарын коргоо биринчи орунда турат. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иш жасаба, жалган маалымат таркатпа, бирөөгө жалган жалаа жаап, беделине доо кетирбесең болду, каалаган сөзүңдү сүйлөп, каалаган ишиңди кыла бер деген принцип сакталат", - деген Жапаров.

Ал арада президенттин администрациясы “Жалпыга маалымдоо каражаттары” жөнүндө мыйзам талаштуу долбоорун документти иштеп чыгуу боюнча түзүлгөн жумушчу топтун мүчөлөрү менен макулдашпай коомдук талкууга чыгарганы белгилүү болду.

Кыргызстан басма сөз эркиндигинин дүйнөлүк индексинде былтыркыга салыштырмалуу 50 орунга түшүп, 122-сапка жайгашты.

“Чек арасыз кабарчылар” уюму 3-майда жарыялаган баяндамасында, бул – чөлкөмдөгү абдан сезилерлик начарлоо экенин көрсөткөн. Дүйнөлүк алкакта 57 позициясын жоготкон Бутан гана Кыргызстандын алдында турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG