Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:04

Жарандарыбыздын азаттыгынан күдөр үзбөйлү


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 2010-жылдын 15-мартындагы нааразылык чарасы маалында. Бишкек ш.
Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров 2010-жылдын 15-мартындагы нааразылык чарасы маалында. Бишкек ш.

Учурда “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги бюросун – “Азаттык Медиа” мекемесин жабуу үчүн аракеттер жүрүүдө. Негизи, “Азаттык” үналгысын эч ким жаба албайт. Маселе – жарандарыбыздын жалпы укуктары одоно тебелене баштагандыгында. Тарыхчынын блогу.

“Азаттыктын” бюросун бөгөттөө – “Азаттыкты” жабуу эмес

Балким, Орусиянын авторитардык лидери Владимир Путиндин режиминин тымызын таасиринен болуп жатабы, айтор, 2020-жылдын октябрындагы элдик ыңкылаптын күүсү менен бийликке жеткендер эми “Азаттык Медиа” мекемесинин ишин бийликтин сот бутагынын көмөгү менен токтотууга далаалат кылып жатышкандыгы өзгөчө кейитет.

Албетте, Евразияда “Эркин Европа / Азаттык” үналгысынын жергиликтүү бюросу жабылып калган же ачылбаган далай авторитардык өлкөлөр бар. Алардын коомчулугу дүйнө жүзүндөгү, чөлкөмдөгү жана өз мамлекетиндеги окуялар жана жүрүмдөр жаатында өз эне тилинде бейтарап жана ар кыл маалымат алышы зарыл.

Дал ушундай мүдөө үчүн Батыштагы демократиялуу өлкөлөрдө (мисалы, АКШда) гуманитардык көмөк катары эркин медиа каражаттары негизделген жана байсалдуу иш алып барышууда.

Совет доорунда коммунист цензурачылар бир партияга баш ийген мамлекеттик күч-кубатты пайдаланып, сырттан уктурулган үналгы берүүлөрдү бөгөттөө үчүн кыска толкундарга тоскоолдук жасашчу. Бул каршы аракет олчойгон каражатты талап кылчу, бирок СССР бийлиги үчүн майнапсыз болчу. Күчтүү транзисторлор менен дөбөгө чыгып алып “душмандардын” ачык маалыматын кыска толкунда угууга умтулган бабаларыбыз көп болчу.

1992-жылдан тартып эгемен Кыргызстандын ал кездеги либерал бийлиги “Азаттыктын” берүүлөрүн жергиликтүү ультра кыска жана орто толкунда да уктура баштаган.

Тасма. Коомдук ишмер Түгөлбай Казаков "Азаттык" тууралуу маек курду.

Канчалык президент авторитардык ыкмага тереңдеп көчсө, ошончолук анын режими “Азаттыкка” өч болоору постсоветтик Кыргызстандын буга чейинки тарыхынан таасын айгинеленген.

2005-жылы февралда А.Акаевдин режими “Азаттыктын” жергиликтүү толкундарына бөгөт койду, бирок эл баары бир кыска толкун жана интернет аркылуу “Азаттыктын” берүүлөрүн уга берди.

2009-жылы күзүндө К.Бакиевдин режими оболу УТРКдан “Азаттыктын” сыналгы берүүлөрүн чыгартты, анан 2010-жылдын мартынан тартып бардык жергиликтүү шериктерге тыюу салды, бирок эл баары бир кыска толкун жана интернет аркылуу “Азаттыктын” берүүлөрүн уга жана көрө берди.

2017-жылы А.Атамбаев “Азаттыктын” бюросунун банк эсебин убактылуу жаптырды. Эл баары бир интернет аркылуу “Азаттыктын” берүүлөрүн жана маалыматтарын уга берди, көрө берди, окуй берди.

Эми, 2022-жылдын күзүнөн тартып, азыркы президент С.Жапаровдун тушунда “Азаттык Медиа” мекемесинин банк эсеби убактылуу жабылып, бюронун өзүн да жаап салуу далаалаттары жүрүүдө.

Тасма. Соңку сот жүрүмдөрүнөн. Бишкектеги Ленин райондук соту. 27.4.2023.

Албетте, “Азаттыктын” берүүлөрүн жана мултимедиа маалыматтарын калайыкка жеткирүү мүмкүнчүлүгү совет доорундагы жана ал түгүл А.Акаевдин тушундагы мезгилден жүз эсе жогорулады. Ушунун баарына бүгүнкү интернет, атаандаш уюкфон байланышы жана калайыктын маалыматты ар тараптуу булактардан жигердүү алуу тажрыйбасы жеткирди.

Демек, бюро мыйзамсыз жабылган күндө да, “Азаттыктын” берүүлөрү техникалык жактан эч бөгөттөлбөйт. Ал түгүл авторитардык Орусияда да “Радио Свободанын” жана башка эркин орусча берүүлөрдүн аудиториясы улам жаңы интернеттик платформалар, тиркемелер, VPN аргалары аркылуу мурдагыдан көбүрөөк маалымат алууда.

Демек, Путиндин болжолдуу тымызын кесепети тийип жаткан болсо деле, баары бир эркин маалымат алуу жаатында зор тажрыйбасы бар кыргыз жарандык коому үчүн мындай бөгөт майнапсыз. Коомубуз “Азаттыктын” маалыматын алуу үчүн улам жаңы технологиялык мүмкүнчүлүктөрдү жаратмандык менен колдоно берээри бышык.

Ар бир жаран – “азаттыкчы”

Азыркы маалымат технологиясы доорунда “Азаттыктын” сепкен үрөнү коомчулукта дурус сезилет.

Өз пикирин эркин айткан, акыйкатсыздыкка каршы күрөшкө интернеттеги коомдук тармактар аркылуу жеке салымын кошуп жаткан жарандар көбөйүүдө. Алар жеке өздөрү үчүн маалымат алуу менен чектелбестен, өздөрү да атаандаш маалымат таркатуу менен алектенишүүдө.

Бул – жарандык жигердүүлүк.

Бул – акыйкаттык, адам укуктары жана демократиялык баалуулуктар үчүн жарандык жоопкерчилик.

Албетте, бийликтерди эле эмес, эркин медианын өкүлдөрүн, анын ичинде “Азаттыкты” да сынга алып жаткандар арбын.

Ушунун өзү дурус көрүнүш. Көз караш туюк жарадай болуп кишинин мээсинде кала бербестен, ачыкка эркин чыгарылышы керек; андан соң маанилүү иш – коомдук ачык талкуу башталат.

Эң башкысы – жаңы муундарды жүйөөлүү, кишинин беделине шек келтирбестен, маданияттуу, адептүү, сылык жана жаратмандыкка жол ачкан баарлашуу ыкмаларына дал ушул коомдук талкуулар кошумча тарбиялашат.

Кээде ушул саптардын ээсине да “батышчыл” деген сөздөн тышкары дагы далай кемсинткен сөздөрдү жазып кайрылгандар болду, ал түгүл бир замандашым “колуңду сындырам” деп сестенткиси келип жазууга да үлгүрдү.

Андай ачуулануу – каграп-шилеген кишиге утурумдук гана жеңилденип алуунун жалган сезимин ыроолошу мүмкүн, бирок түпкүлүгүндө андай ашыкча кыжырланган жана сөгүнгөн киши өз жүйөөсү азыраак болуп калгандыгына ызаланат ко деп ойлойм, ошол себептен бардык замандаштарыбызды сылыктыктан эч жазбоого чакырам.

Кантсе да, ар кыл кайчы пикирлерди билдиргендер болгону үчүн коом өкүлдөрү туура тыянак табууга далаалаттанып, бири-бирин карап түздөнүшөт эмеспи.

Эгерде эч нерсени терең ойлонбостон, айтылуу “фейктер фабрикасына” жалданып иштеп жатпаган болсо, анда ар бир пикир ээси өзүнүн көз карашына жакын көз караштагы башка кишилердин маанайын да чагылдырып жатышат эмеспи.

Мен башынан эле парламенттик демократия идеясын жактайм, бирок айрым мен урматтаган кишилерим же жакындарым (кайсы бир кызмат ордуна жетүү үчүн эч көшөкөрлөнбөстөн) кубаттуу президенттик бийликти жактаган ойлорду айтып жатканына күбө болуп келем.

Мындайда айрым бир замандаштарым “Азаттыкты” баягы илгерки саясий сабатты чыңдоо курстарын өткөргөн болшевиктердин комиссарлары сыяктуу өтө жөнөкөй дарс (б.а. эжелеп окутулчу сабак) уюштурушса болмок, деп калышат.

Менин турумум – таптакыр башкача. “Тиши чыккан балага чайнап берген аш болбойт” деген накыл сөз бар эмеспи. Азыркы элибизди саясий жактан түркөй деп дүңүнөн саноого эч болбойт.

Дүйнө жүзүндөгү жана тарыхтагы турмуштук окуяларды, инчсан тагдырларын калыс, мозаикалуу, көп түстүү чагылдыруу аркылуу гана бүгүнкү замандашты өз алдынча ой калчап, өз алдынча бүтүм чыгарууга огожо болуу – азыркы демократиялык маалымат каражатынын парызы.

Демократиялык баалуулуктарды ар бир жаран өз билимине, коомдук тажрыйбасына ылайык ыктыярдуу таркатышы абзел. Ошондой жарандарын ар бири – менин түшүнүгүмдө “азаттыкчы”.

Анын үстүнө толук чагылдырууга "Азаттыктын" колу эч жетпей калган деле нечендеген көйгөйлөр болот. Ал көйгөйлөрдү өз алдынча чагылдыруу - жарандык милдет.

Түпкүлүгүн алсак, "Азаттык" үналгысы - убактылуу кайрымдуулук долбоору. Ал эми жергиликтүү көйгөйлөрдү чагылдырууда "Азаттыкка" бир катар укук коргоочулар, бейөкмөт уюмдар, медиа каражаттары шерик болуп же өз алдынча чагылдырып келишет.

Аларды да алатоолук азаттыкчылар деп (бул сөздү тырмакчага албастан) алкоо менен айтсак болот.

Кыргызстанда “Азаттыктын” чыныгы атаандаштарын көбөйтүү

Чынын айтсам, пенделик көксөөм ушундай болчу – 2005-жылы деле, 2010-жылы деле, 2020-жылы деле ар бир элдик ыңкылаптан соң “эми мындан ары өкмөттүк жана жергиликтүү акимияттык маалымат каражаттары толук бойдон коомдук маалымат каражаттарына айланышат ко” деп үмүт байлачумун.

(Бул тарыхый окуяларды ар ким “төңкөрүш”, “толкундоо” же башка өздөрү каалаган терминдер менен айта бериши – алардын өз укугу, бирок мен үчүн ошол саналуу күндөрдөгү элдик толкундоолордун натыйжасын “ыңкылап” деп эле атоо жөндүү сезилет. Ал бурулуш окуяларды эл эмгегин жеп кеткен кийинки окуялардын көлөкөсүнөн бычып туруп, төмөнсүнтүү жарабас.

Эгерде ыңкылап болбосо, анда 2005-жылдан соң деле Акаевдердин үй-бүлөсү парламентте үстөмдүк кылып калышмак, же Медет Садыркуловду жана башкаларды мыкаачылык менен өлтүргөндөр 2010-жылдан кийин деле Максимдин пайдасына өлкөнү башкара беришмек).

Дегиңкиси, бийликтин башындагылар өз кызмат ордун канчалык мыйзамсыз сактап калгысы же мыйзамсыз чыңдагысы келсе, ошончолук өкмөттүк маалымат каражаттарын мурдагы авторитардык режимдердегидей эле мурунтуктап сактап калууга умтулаарын өз көзүбүз менен көрдүк го дейм.

Маселен, Курманбек Бакиевден (2007-жылда тартып) жана Алмазбек Атамбаевден (өзгөчө 2014-жылдан тартып) ушул сыяктуу нукту байкадык.

Жакшы ой менен мурдагы КТР жана УТРК кайра КТРК (коомдук медиа компаниясы) болуп кайра түзүлдү. Аны чыныгы коомдук канал кылуу жүрүмүнө жеке салым кошуу үчүн КТРКнын Байкоочу кеңешине да Жогорпку Кеңештен мүчө болуп шайланып келдим.

Ошондо КТРКнын ал кездеги жетекчиси Илим Карыпбеков инимдин (мурдагы укук коргоочу, эркин медианын таламын талашуучунун) А.Атамбаевдин “Ак үйүнө” ушунчалык берилип кызмат кылганын көрдүм. Байкоочу Кеңештин курамына ал өзүн колдогон кишилерди кантип көбөйтүп алганына, бул Байкоочу Кеңеш бара-бара шал болуп калганына күбө болдум.

Эми болсо КТРКнын маанисин аңдабастан, кайра УТРК кылып “оңдоп” койгонго кайыл болгондорду да көрүп жатабыз. КТРК жалпы коомго кызмат кылышы керек, ошол жаатта аны чыңдоо керек болчу.

Айтмакчы, азыркы тапта, Балтика боюнда жана Чехия, Словакия сыяктуу посткоммунисттик өлкөлөрдө “Эркин Европа / Азаттык” үналгысынын алардын түпкү калктарынын эне тилдериндеги редакциялары толуп жоюлган. Жергиликтүү өкмөттөр “жойбой коё тургула” деп чакыргандарына карабастан бул кызматтар жоюлушкан, себеби бул демократиялык жумурияттарда өздөрүнүн жергиликтүү медиа каражаттары эркин жана жигердүү иштеп келишет.

Кыргызстанда ЭлТР да, УТРК да, “Кыргыз Туусу”, “Эркин Тоо”, “Слово Кыргызстана”, облустардагы медиа каражаттары да жок дегенде 2010-жылы апрелде, андан да бери дегенде 2020-жылы октябрда толугу менен көз каранды эмес каражаттарга айланышы керек болчу.

Бул жаатта маалкатылган реформа кийин таптакыр жокко чыгарылгандай жүрүм болду.

Азыр дагы демократиячыл реформалар үчүн кеч эмес.

Азыр дагы бийликтер менен жарандык коом өкмөттүк медиа каражаттарды боштондукка чыгарып, ошол эле учурда жалпы бардык медиа каражаттарына эркин базар мамилелерине ылайык бирдей мамиле жасашы зарыл.

Албетте, Кыргыз өкмөтү жана жарандык коом “Байчечекей”, “Ала-Тоо”, “Кыргыз маданияты”, илимий-педагогикалык тармактарга арналган кыргызча журналдар, жергиликтүү ачык интернет энциклопедиялары сыяктуу айдыңдык басылмаларга жана интернет барактарына эч бир саясий күчтөргө аткошчу болбоосун талап кылуу менен интернет барагын ырааттуу улантууга жана тиешелүү сандарын жарыялоого демөөрчүлүк кылышы керек.

Муну эгемен Кыргызстанда жүзөгө ашыруунун өзү – дүйнө жүзүндөгү кыргыз тилдүү маданий очокту сактап калуу боюнча ЮНЕСКОго өлкөбүздүн иштиктүү салым кошуусу болуп санатат.

Күдөр үзүлбөсүн!

Албетте, айтылчу сөз тонналап өз кезегин күтүп турат. Бардыгын эч камтый албайбыз.

Ушул тапта “Азаттык” үналгысын ачык колдоого алып жаткан жарандык коомдун мүчөлөрүнө, эркин медиа өкүлдөрүнө, укук коргоочуларга, кайдыгер эмес жана ичинен сызып күйөрман болуп жаткан замандаштарыбызга да ыраазыбыз.

Ким билсин, “Азаттык Медиа” мекемесине байланыштуу азыркы жүрүм сот бийлигинин кийинки тепкичине келгенде, балким, саясий аба ырайы өзгөрүп калаар, азыркы бөгөттөр акыйкаттык менен толук алынып салынаар?

Бирок реалист катары жеке оюмду айтсам, азыркы тапта Кемпир-Абад көйгөйү боюнча да жазыксыз жерден абакта убактылуу отурган мекендештерибиздин (анын ичинде мурдагы “Азаттыктын” кабарчысы, каарман журналист Айданбек Акмат уулунун) жана башка укугу бузулган замандаштардын көйгөйлөрү да “Азаттык” үналгысынын бюросу кептелген түйшүк менен бир эле желеге, орток желеге байланып турат.

“Азаттыкта” учурунда иштеп кеткен, азыркы тапта БУУда жана АКШда элчи болгон дипломаттарыбыз, өкмөттө ар кыл кызматтарда отурган мурдагы кесиптештерибиз жана башкалар, ырааттуу демократ катары өздөрүн көрсөтүп келген башка айрым саясатчыларыбыз деле, чын-чынында, ичтеринен кейип, колунун келишинче акыбалды оңдоого үн кошуп жатышкандыр, деп өзүмчө түкшүмөлдөйм.

“Азаттыктын” Бишкектеги бюросун жабуу далаалаты саясий абактагы жарандардын тагдыры жана жалпы эле адам укуктары менен демократиялык жүрүмдүн акыбалы менен тыгыз байланыштуу экенин калыс талдагандар татынакай көрүп-билип турушат.

Тээ 1928-жылы Жусуп Абдыракманов Кыргызстанды Швейцариядай өнүксө экен деп тилеген экен.

Анын бул оюн азыркы президент Садыр Жапаровдун тегерегиндеги демократтар да улам кайталап айтып калышат (бүгүнкү президентти жалаң гана авторитардык ыкманы сүйгөндөр жандап келет деп эч ким айта албайт эмеспи).

Ылайым Жусуп атабыздын тилеги эгемен өлкөбүздө кабыл болсо экен!

Ал үчүн алгачкы кадамды жасоо бийликтер үчүн абдан оңой – буга саясий демилге гана талап кылынат: жазыксыз камалып жаткандар дароо бошотулушу жана акталышы керек; жарандык коомго сөз жана басма сөз эркиндиги толук камсыз кылынышы керек (ушул шарттарды аткаруунун өзү эле “Азаттык” үналгысына карата бөгөттү дароо жоюу керек дегенди да туюнтат эмеспи).

Жакшылыктан күдөр үзбөйлү. Өзүбүз да жакшылыкты талап кылалы.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG