Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:33

Медиа коомчулук өкүлдөрү “Телерадиокорпорация жөнүндө” мыйзамга каршы чыгышты


КТРК имараты.
КТРК имараты.

Кыргызстанда медиа коомчулук өкүлдөрү “Кыргыз телерадиокорпорациясы жөнүндө” мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип чыгышты. Алардын кайрылуусу 29-октябрда жарыяланып, алгачкы үч саат ичинде жыйырма чакты медиа уюм, журналисттер, редакторлор кол коюшту.

Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, мекемелерге жөнөтүлгөн мыйзам долбоорун кайра артка чакыртып алууга үндөштү.

Билдирүүдө айтылгандай, эгер бул мыйзам кабыл алына турган болсо демократиялык принциптер бузулат, Кыргызстандын коомдук телеканал тууралуу эл аралык милдеттенмелери бузулуп, 1990-2010-жылдардагы “улуттук мамлекеттик” деген макамга кайтат, коомдук көзөмөл жүргүзүү үчүн түзүлгөн Байкоочу кеңеш жок болот жана башкы директорду президент өзү дайындап калат.

Медиа коомчулук өкүлдөрү КТРК иш жүзүндө коомдук телеканал боло албай жатышынын негизги себеби “телеканалдын редакциялык саясатына кийлигишүүсүн уланта берген” өлкө жетекчилигинин “саясий эркинин жоктугун” аташты жана анын көз каранды эмес ишмердүүлүгүн камсыз кылуу үчүн ишине саясий жактан аралашпоо, каржы маселелерин тийиштүү деңгээлде чечип берүү зарылдыгын айтышты.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 15 мүчөсү бар. Алардын бешөөнү президент, бешөөнү парламент жана калган беш мүчөсүн жарандык коом сунуш кылган талапкерлердин арасынан парламент тандап алат. Байкоочу кеңеш президентти тандайт. КТРК коомдук деген макамга 2010-жылдагы бийлик алмашуудан кийин ээ болгон.

Жакында жылдык маалымат жыйынында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып президент Садыр Жапаров Байкоочу кеңеш алдына койгон максат-милдеттерди аткара албай жатканын айткан.

Быйыл Кыргызстан толук президенттик башкарууга өттү.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги медиа коомчулук өкүлдөрүнүн билдирүүсү боюнча азырынча комментарий бере элек.

Медиа коомчулуктун билдирүүсүнө кол топтоо уланууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG