Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:32

Жанарбек Акаев "Азаттык" дайыма акыйкаттык тарапта болгонун айтты


"Азаттыктын" иши каралган соттук жараян. 27-апрель, 2023-жыл.
"Азаттыктын" иши каралган соттук жараян. 27-апрель, 2023-жыл.

Жогорку Кеңештеги "Альянс" фракциясынын лидери, депутат Жанарбек Акаев "Азаттыкты" жабуу тууралуу Бишкектеги Ленин райондук соттун чечими тууралуу пикирин билдирди. Ал Фейсбуктагы баракчасына аталган медиа калыстык издеген жарандардын үнүн угузган медиа экенин белгиледи.

“Азаттык” дайыма акыйкаттык тарапта болуп келген, калың элге кадыры сиңген, эл сүйүп уккан, көргөн маалымат каражаты. Мындан ары да ошол бойдон калышына бөркүмдөй ишенем. Калыстык издеген далай жарандарыбыздын үнүн коомго да, бийликке да жеткирген саналуу медиалардын бири. Анда иштеген кесиптештердин баары билимдүү, ак ниет кыз-жигиттер. Акаев, Бакиевдин мезгилинде да радио, ТВларын чектешкен. Бирок “Азаттыкты” жаап, журналисттерин чилдей таратсак, чындыкты эл билбей калат деген өтө жаңылыш пикир. “Азаттык” жабылып, жок болуп кетет деген ойдон алыс бололу, азыр технология өнүккөн заманда маалымат таратууну чектеп коюу мүмкүн эмес. Анын үстүнө кыргыздар тыйган нерсени тескерисинче издеп жүрүп таап көрөт эмеспи. Райондук соттун “Азаттыкты” жабуу чечими күчүнө кирбейт, шаардык сотко чейин бийликтер терең талдап, ойлонор. Менимче, шаардык сот райондук соттун чечимин жокко чыгарса керек, анан Жогорку Сот карайт. Бул мышык-чычкан оюну да, жүдөтүү максатын көздөйт деп түшүнөм. “Азаттык” бир ууч кишиге жакпашы мүмкүн, бирок калың элибиздин ишеничи, үмүтү артып тургандан өткөн нерсе барбы!", -деп жазды Акаев.

27-апрелде Бишкектин Ленин райондук сотунун судьясы Чолпон Каримбаева "Азаттык Медиа" мекемесинин ишмердигин токтотуу тууралуу чечим чыгарды.

27-апрелдеги акыркы сот процессинде аталган медианын адвокаттары жарыш сөз сүйлөп, министрликтин арызын канааттандырбоого чакырышкан.
"Азаттыктын" адвокаттары райондук соттун чечимине каршы Бишкек шаардык сотко арызданганы жатат.

26-апрелдеги отурумда “Азаттыкка” каршы соттук териштирүүнүн башталышына негиз болгон видеоматериал боюнча лингвистикалык экспертиза жүргүзгөн адис анын алдына коюлган суроолорго так жооп бере албай турганын билдирген. Лингвист эксперт Жийде Семенова ал суроолорго лингвист эмес, юрист эксперттер гана так аныктама бере аларын айткан. Адвокат Тимур Султанов буга байланыштуу доогер тараптын “Азаттыкка” каршы арызын четке кагууга чакырган.

Доогер тарап – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги өз жүйөлөрүн келтирди. Кийинки отурум 27-апрелге дайындалган эле. Лингвистикалык экспертиза дайындоо өтүнүчү менен сотко 24-мартта министрлик кайрылган.

"Азаттыктын" адвокаттары мындай экспертизаны дайындоого каршы болуп, министрлик бул маселени сайтты бөгөттөөгө чейин тактап алууга тийиш болгонун белгилешкен жана бул иш боюнча кылмыш иши козголбогондон кийин мындай экспертизаны дайындоо мыйзамга каршы келерин айтышкан.

Министрлик “Азаттыктын” ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен сотко арызданганы быйыл 23-январда маалым болгон.

Доо арызда эл аралык компаниянын “Настоящее время” телеканалы кыргыз-тажик чек арасындагы окуя тууралуу жарыялаган видеоматериал веб-сайтынан өчүрүлө электиги жана ал социалдык түйүндөр аркылуу тарап жатканы белгиленген.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президенти Жейми Флай буга чейин “Настоящее время” телеканалы боюнча коюлган айыпты четке кагып, “Кыргыз өкмөтү кандай кадамга барса да бизге ишенген аудиторияга кызмат кылууну улантабыз” деп айткан.

Мындан тышкары “Азаттыктын” сайты жана банктагы эсеби боюнча да сот иштери уланып жатат. Банк эсептин жана сайттын бөгөттөлүшүн бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, кыргыз бийлигин "Азаттыктын" ишмердигин чектөөнү токтотууга үндөшкөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG