Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:06

ЖКда "Азаттыктын" Чүй дарыясы тууралуу иликтөөсүндөгү маселе айтылды


Эрулан Көкүлов.
Эрулан Көкүлов.

Жогорку Кеңештин 27-апрелдеги жыйынында депутат Эрулан Көкүлов казак-кыргыз чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы тууралуу "Азаттыктын" иликтөөсүндөгү маселелерди көтөрдү. Анда өкмөт дарыянын жээгин бекемдөөгө акча бөлүп бере электигин сынга алып, чек арага көңүл буруу керектигин эскертти.

"Казакстан тарап өздөрү жактагы дарыянын жээгин бекемдеп, биздин жээктер болсо жуулуп, жүздөгөн гектар жер алар тарапта калыптыр. Жакында эле "Азаттыктын" иликтөөсү чыкты, аны көрдүңөр. Бул жерде башка эле жок маселени маселе кылып, "каалаган суммадагы акчаны бөлүп беришибиз керек, ушул маселе биринчи орунда турат, ушуну чечмейинче өнүгүүбүз токтоп калат", деп отурабыз. Ошол эле маалда жүздөгөн гектар жерибизди коңшу өлкөгө берип жатабыз, анткени бюджетте акча жок деп отурабыз. Ал жерде бюджеттен акча бөлүнсүн дептир, бирок акча берилбептир. Ушундай конкреттүү проблемаларды чечкенге үйрөнүшүбүз керек да. Мына, жээктер азыр деле корголо элек. Февраль айынан тартып эле бекемдей берсе болот экен. Биз дагы бир жылды өткөрүп жатабыз. Дагы канча жер агып кетет. Эң негизги проблемалар ушулар да",-деди Көкүлов.

Өкмөт Чүй дарыясынын маселеси тууралуу азырынча комментарий бере элек.

"Азаттык" 20-апрелде "Чүй дарыясы: жүздөгөн гектар жер казак тарапта калды" деген аталыштагы иликтөө жарыялаган. Анда кыргыз-казак чек арасын бойлой аккан Чүй дарыясы сол жээгин кемирип, гектарлаган жер Казакстан тарапта калган жагдайды иликтеп чыккан. Мындан эки жылга жакын убакыт мурда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев өлкө кеминде 800 гектардай жеринен ажыраганын билдирген жана бул жагдайды президент Садыр Жапаров жеке көзөмөлүнө алганын айткан. Бирок быйылкы дамба курууга каралган каражат азыркыга чейин бөлүнүп бериле элек.

Иликтөөнү төмөнкү шилтеме аркылуу көрсөңүз болот.

XS
SM
MD
LG