Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:34

Садыр Жапаров электр энергиясы кымбаттаганы туура экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук маалымат агенттигине курган соңку маегинде, электр энергиясынын кымбаттаганы тууралуу пикирин айтты. Анда баа көтөрүлбөсө бул тармак "10-15 жылдан кийин биротоло талкаланып жок болот",-деп эскертти.

"Бүгүнкү күндө энергетика тармагыбыздын карызы 137 миллиард сомду түзөт. Бул эмне болгон карыз деген суроо туулат. Бүгүнкү күндө өндүрүлүп жаткан электр кубатынын 1 кВт/саатынын өздүк баасы 2 сом 38 тыйынды түзөт. Кимдир бирөө ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен салыштырып, бул өздүк нарк туура эмес деп ойлошу мүмкүн. Ооба, ГЭСтерден чыккан өздүк баа бул баадан төмөн. Бирок ошол ГЭСтерден чыккан өздүк баа менен түздөн-түз башка чыгымдары жок эле түптүз элге жетип калбайт да. Ортодо чыгымдар бар. Мисалы энергетиктердин эмгек акылары, сатылып алынып жаткан жаңы тетиктер, зымдар, мамычалар, тейлөөгө кеткен чыгымдар, көмүр, мазут, импорттоп алып келген электр энергия, техникалык жоготуулардын баары биригип өздүк баага кошулат. Ошол үчүн өздүк баа 2 сом 38 тыйынга чыгып атат. Биз болсо бүгүнкү күндө 1 кВт/саат электр кубатын 0,77 тыйындан сатып келебиз. Ортодогу айырма энергетиктердин мойнуна илинген карыз болуп чогулуп жатат. Ооба, мага чейинки президенттер дагы тарифти көтөргөнгө аракет кылышкан. Бирок эл толкуп кетет деп коркушуп, тарифти көтөрбөй, жыл сайын энергетика системасы улам тереңдеп карызга батып олтуруп, 2020-жылга чейинки карыз 137 миллиард сомду түзүптүр",-деген Жапаров.

Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык, эмки айдан тартып 700 кВт саатка чейин колдонулган электр энергиясынын баасы 1 сом болот. Учурдагы баа 77 тыйын. Ал эми 700 кВт сааттан ашык пайдаланган учурда мурунку баасы 2 сом 16 тыйын сакталат. Ал эми калктын аярлуу катмары үчүн 700 кВт саатка чейин мурдагы 50 тыйын бойдон калат. Токтомдо ошондой эле калкка сунушталган "чектөөсүз" тарифи 5,04 сомдон 3 сом 28 тыйынга төмөндөтүлөт.

"Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат",-деп жазылган Министрлер кабинети тараткан маалыматта.

Кыргызстан электр энергиясына болгон ички суроо-талапты жаба албай, аны импорттоого аргасыз болууда. Тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр эскирген энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет деп айтылды. Учурда энергетика жабдууларынын 80%дан көбү эски.

Кыргызстанда быйыл январдын ортосунда суук катуу болуп, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн бийлик жарыкты кезек-кезеги менен өчүрүп турууга мажбур болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG