Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:05

Кемпир-Абад иши: жети киши үй камагына чыкты


Кемпир-Абад иши боюнча камалып 12-апрелде үй камагына чыккан саясатчы жана активисттер: Мамбетжунус Абылов, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Улукбек Маматаев.
Кемпир-Абад иши боюнча камалып 12-апрелде үй камагына чыккан саясатчы жана активисттер: Мамбетжунус Абылов, Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева жана Улукбек Маматаев.

Кемпир-Абад иши боюнча беш айдан ашуун камакта жаткандардын арасынан жетөө тергөөнүн өтүнүчү менен үй камагына чыкты. Буга чейин камактагылардын адвокаттары жана жакындары бир нече жолу ушундай эле өтүнүч менен сотко кайрылып, бирок ал канааттандырылган эмес.

Биринчи май райондук сотунда 12-апрелде саясатчы, Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын, мурдагы депутат Асия Сасыкбаеванын, Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеванын, мурдагы элчи Мамбетжунус Абыловдун, "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаевдин, активист Чыңгыз Капаровдун, активист Таалайбек Мадеминовдун бөгөт чарасы каралып, 20-июнга чейин үй камагына чыгышты.

Сот залынан чыккандан кийин Клара Сооронкулова журналисттердин суроосуна учкай жооп берип, чечимге байланыштуу комментарий бербей турганын айтты.

"Үй камагынын өзгөчө шарттары бар. Баарынын өз убактысы келет деп ойлойм. Менимче, азыр кандайдыр бир комментарий бербей турайын. Тергөө иштери уланууда".

Клара Сооронкуловага ушул жылдын февраль айында ооруканада дарыланууга уруксат берилип, ал операция болгон. Бирок март айында кайра тергөө абагына которулган. Көп өтпөй өпкөсү кагынып, саламаттыгы начарлап кеткени айтылган. Бул кабардан кийин укук коргоочулар бийликти абакта жаткандардын саламаттыгына көңүл бурууга чакырган.

Саясатчы, мурдагы элчи Мамбетжунус Абылов өткөн жылы 25-октябрда камакка алынган. 10-февралда ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. Адвокаты жана жакындарынын суранычына карабай, Абылов 1-мартта кайрадан абакка которулган. ​Анын үй камагына чыгышына дарыгерлердин аныктамасы негиз болгон.

"Эч кандай сүйлөшүү болгон жок, айыптар туура эмес коюлган, биз акталышыбыз керек. Мен буга чейин операция болуп, ден соолугум начарлап кеткенин айтып, сотко кайрылгам. Аны дарыгерлер да ырастап, үйдө ден соолугумду карашым керек экенин билдирген. Бүгүн ошол өтүнүчүм канааттандырылды", - деди Абылов.

Мурдагы депутат, 70 жаштагы Асия Сасыкбаева да үй камагына чыгарылды. Ал журналисттеге "ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыкканын, иш боюнча көп нерсе айта албастыгын, кандайдыр бир келишим болбогонун" билдирди.

Адвокат Бакыт Афтандилдин айтымында, буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы мүчөсү Гүлнара Журабаеваны эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан чыгаруу өтүнүчү келтирилген. Бирок сот аны канааттандырган эмес.

"Кандай гана бөгөт коюу чарасы болбосун ал кандайдыр бир деңгээлде адамдын эркиндигин чектейт. Биздин суранычыбызга карабай сот үй камагын колдонду. Тергөөнүн келтирген өтүнүчү бизге чоң суроо болуп атат, буга чейинки камап отурганын жокко чыгаруу деп түшүндүк. Негизи тергөө абдан жай жүрдү, алты айдан бери менин жактоомдогу эки активистти эки-үч жолу гана тергөөгө чыгарышты. Жашыруун деген грифтин коюлушу да сотто каралып, туура эмес экени айтылганы менен тергөө аны эске албай, адвокаттардын ишине тоскоолдуктар жаралып атат. Тергөө улана берет, тергөөнүн кийинки аракеттерине жараша биздин иш да улана берет".

Ал эми "Бириккен демократиялык кыймылдын" мүчөсү Улукбек Маматаев 15-мартта ден соолугу кескин начарлап, ооруканага которулган жана ошол эле күнү операция болуп жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. 29-мартта ооруканадан кайра Бишкектеги №1 убактылуу тергөө абагына кайтарылган.

Маматаев анда президент Садыр Жапаровго кайрылып, оор операциядан кийин медициналык кароого жана реабилитацияга муктаж экенин айтып, "биздин саламаттыгыбыз жана өмүрүбүз сиздин жоопкерчилигиңизде болот" деп айткан.

"Мен укугум үчүн күрөштү улантам, мага тагылган айыптар туура эмес эмес экенин айткым келет. Ар бир жаран өз укугунун корголушуна кызыкдар болушу керек. Бул Кемпир-Абад ишинде президент Жапаровго да туура эмес, такталбаган маалымат жеткен деп эсептейм. Тергөө анчейин жүргөн жок, мисалы эки-үч жолу гана тергөөгө бардык", - деди Маматаев.

Дагы бир үй камагына чыккан активист Чыңгыз Капаров дагы саламаттыгына байланыштуу 11-апрелде тергөө абагынан ооруканага которулган. Анын жактоочусу активист Улуттук госпиталда дарыланарын, жакынкы күндөрү өтүнөн операция болорун билдирген.

Кемпир-Абад иши боюнча камалгандар 27-мартта укук коргоочуларга, акыйкатчы жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борбору менен жалпыга маалымдоо каражаттарына кайрылып, ден соолугу начарлаган активисттерди кароо үчүн көз карандысыз дарыгерлерден турган комиссия түзүүнү суранган.

Абакта кимдер бар?

Буга чейин Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардан Перизат Суранова, Орозайым Нарматова, Нурланбек Асанбеков, Талантбек Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Саламаттыгы начарлап кеткенден улам активист жана ишкер Илгиз Шаменов 10-апрелде тергөө абагынан ооруканага которулду.

Учурда абакта мурдагы депутаттар Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Рита Карасартова, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев, активисттер Акылбек Айтбаев, Али Шабдан, Чыңгыз Капаров, Марат Баязов, Атай Бейшенбек, Эрлан Бекчоро уулу, Талас облусунун мурдагы башчысы Айбек Бузурманкулов, Жалал-Абад облусунун мурдагы жетекчиси Бектур Асанов, журналист Айданбек Акматов, “Туран” партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов кармалып турат.

Кемпир-Абад иши боюнча тергөөнүн жүрүшү тууралуу ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев 12-апрелде Жогорку Кеңеште жооп берди. Ал депутат Дастан Бекешевдин суроосуна абактагыларга "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголгонун айтты.

"Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин "Бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү" беренесинин негизинде козголгон иш. Тергөөнүн алкагында жарандар кармалып, сот тарабынан №1 тергөө абагына киргизүү баш коргоо чарасы тандалган. Тергөө иштери уланып жатат, ал бүткөндөн кийин сотко жөнөтүлөт".

Кемпир-Абад иши "жашыруун" деген макам алдында карала турганы 18-январда белгилүү болгон. Ички иштер министрлиги анда бул боюнча комментарий берген эмес.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишине "жашыруун" деген гриф коюлганын мындайча түшүндүрдү.

"Мамлекеттик конституциялык түзүлүшкө, Мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч келтирсе, оор иштер, өзгөчө оор иштер купуя тергелет, сотто да купуя каралат. Тергөөнүн аракети боюнча сотко кайрылышкан, анда сот "мыйзамдуу" деп чечим чыгарган. Бирок сот ошол жерде тергөөчүнү иштеги кайсы материалдар ачык, кайсы материалдар жабык каралышы керектигин бөлүп алууну милдеттендирген. Бул боюнча тергөө аракеттерди жасап атса керек. Эгер айыбы угузулуп, прокуратурага өткөрүлүп берилсе, биз мыйзамдуулугун карап чыгабыз".

Камалгандарды бошотуу талабы

Буга чейин Human Rights Watch баштаган бир катар эл аралык уюмдар Кыргызстандагы саясатчылардын, укук коргоочулардын жана активисттердин жапырт кармалышын кескин айыптаган. Эл аралык уюмдар, жергиликтүү укук коргоочулар жана коомдук ишмерлер кыргыз бийлигин камакка алынган жарандарды коё берүүгө үндөп келет.

6-апрелде Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги кеңсесинин алдында жергиликтүү активисттер акция өткөрүп, Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу пикирлерин ачык айтып чыккандан кийин камалган саясатчы, активист, блогерлердин ишине көңүл бурууга үндөшкөн. Активисттер ЕККУга акыркы чара жана үмүт катары кайрылып жатышканын белгилешкен.

"Өзүңүздүн даражалуу кызматыңыздан пайдаланып, Кемпир-Абад окуясы боюнча саясий туткундарга карата болгон адилетсиздикти жоюуга жана биздин бийликти демократиялык башкарууга кайрылууга чакырабыз. Абактагылардын өмүрү - коркунучта. Алар тезирээк бошотулушу керек деп кооптонуп келебиз", - дешкен активисттер сөз эркиндиги, демократия маселелери камтылган кайрылууну уюмдун Бишкектеги кеңсесинин жетекчилигине тапшырышкан.

Жарандык активисттер ЕККУнун алдына чыгышты. 6-апрель, 2023. Бишкек
Жарандык активисттер ЕККУнун алдына чыгышты. 6-апрель, 2023. Бишкек

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында “Массалык башаламандыкка” шек саналып кармалган. Ички иштер министрлиги (ИИМ) шектүүлөрдүн айыбы боюнча далилдер жетиштүү экенин билдирген.

Президент Садыр Жапаров буга чейин Кемпир-Абад маселеси абакта жаткандар үчүн "төңкөрүш кылып бийликти алмаштыруу аракетине тек гана шылтоо болгон" деп айткан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар болсо өздөрүнө козголгон иштерди саясий куугунтук деп атап келет.

XS
SM
MD
LG