Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:38

Кемпир-Абад иши: Абактагы активист Чыңгыз Капаров ооруканага жаткырылды


Чынгыз Капаров.
Чынгыз Капаров.

Массалык башаламандыкка шектелип камалган активист Чыңгыз Капаров 11-апрелде ооруканага жаткырылды. Капаров Улуттук госпиталда дарыланарын жактоочусу Бакытбек Автандил билдирди.

“Чукул ооруканага жаткырылды. Ага жакынкы күндөрү өтүнөн операция жасалат”, - деди ал.

Буга чейин адвокат Чыңгыз Капаров дарыланууга муктаж экенин айтып келген. 10-апрелде абактагы дагы бир активист Илгиз Шаменов ооруканага жаткырылган. 11-апрелдеги парламент жыйынында массалык башаламандыкка айыпталып абакта отурган саясатчы, активисттердин маселеси айтылды.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын адам 2022-жылдын 23-октябрында кармалган. Алардын 20дан ашыгынын абактагы мөөнөтү 20-апрелге чейин узартылган. Бир тобунун ден соолугу начарлап кеткенин, дарыланууга муктаж экенин адвокаттары айтып келет.

Бул иш боюнча кармалган ​Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Нурлан Асанбеков, Талантбек Эшалиев саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан.

Милиция кармалгандар “массалык башаламандык” беренесине шектелип жатканын, далилдер жетиштүү экенин билдирген. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Эл аралык уюмдар Кемпир-Абад иши боюнча камалгандардын ишин калыс кароого чакырган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG