Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:41

Кыргызстан-Өзбекстандын жумушчу топтору “Түндүк Сох” газ кампасы боюнча жолугушту


“Түндүк Сох” газ кампасы.
“Түндүк Сох” газ кампасы.

Өзбекстандын Энергетика министрлигинде түзүлгөн жумушчу топ Кыргызстандын Кадамжай районунда “Түндүк Сох” газ кампасы боюнча жолугушууга катышты. Бул тууралуу Bright Uzbekistan басылмасы жазды.

Анда Кыргызстан менен Өзбекстандын жумушчу топтору “Түндүк Сох” газ сактоочу кампаны чогуу ишке киргизүү маселесин талкуулаганы жазылат. Жолугушууда газ кампасын ишке киргизүүдөгү жол карта талкууланып, мындан аркы иш-аракеттер аныкталган. Эки өлкөнүн Энергетика министрликтери долбоордун техника-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча жол картага кол коюшту.

Bright Uzbekistan басылмасы жазган маалыматка ылайык, “Түндүк Сох” газ кампасы 1976-жылы курулуп, андан кийин талаштуу аймак болуп келген. Газ кампанын негизги бөлүгү Кыргызстанда, компрессорлор Өзбекстанда жайгашкан.

Февраль айында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Анжиян облусундагы сапарында Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сохтогу” газ сактоочу кампаны чогуу ишке киргизүү маселесин талкуулай турганын билдирген.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов uzа.uz сайтына берген маегинде, жер алдындагы газдын көлөмү болжол менен 2,5-3 миллиард куб метр экенин билдирген.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги азырынча комментарий бере элек.

Жогорку Кеңеш 2011-жылы ошол кезде Өзбекстандын “Өзбекнефтегаз” компаниясы иштетип жаткан “Түндүк Сох” газ сактоочу кампасын жана “Түндүк Сох” менен “Чоң Кара-Калча” (Чонгара-Галча) газ-мунай кендери чыккан жерди Кыргызстанга алуу тууралуу токтом кабыл алган.

Маалымат боюнча “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендери 1955-жылы ачылып, ошол кездеги расмий Москванын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын июнь айында газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары “Кыргызнефтегаз” ишканасын түзгөн. Ага ылайык, Кадамжай районунун “Түндүк Сох” мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык жайлар “Кыргызнефтегазга” өткөн. (TSh)

XS
SM
MD
LG