Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:50

Согушка азгырылган Орусиядагы мигранттардын маселеси көтөрүлдү


Иркутскидеги түрмө. Архивдик сүрөт.
Иркутскидеги түрмө. Архивдик сүрөт.

Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында бир нече депутат Орусияда кыргызстандыктардын маңзат ташуу менен кармалып жатышы, абактагыларды экстрадициялоо маселесин көтөрдү. Депутат Мейкинбек Абдалиев Орусияда жеке компаниялар абактагы мигранттарды согушка азгырып жаткан көйгөйдү айтты.

“Бир компания, атын атабай эле койсом. Ошол жеке компания көпчүлүктү (ред: абактагыларды) ар кандай ыкмалар менен согушка алып кетип жатыптыр. Алдап, акча каражаттарын сунуштайт экен. Ушул багытта иш алып барсаңар”, - деди.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев быйылкы жылдын үч айында Орусиядагы абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткан 15 адам Кыргызстанга экстрадицияланганын маалымдады.

Ушул тапта Орусиядагы жабык жайларда миңден ашык кыргыз жараны камакта жатат. Орусияда "Вагнер" менчик компаниясы түрмөлөрдө отургандарды да согушка жалдап келатат.

"Вагнердин" катарында Борбор Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын жарандары да бар. Буга чейин орус түрмөлөрүнөн согушка тартылган беш кыргызстандык каза болгону ачыкка чыккан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG