Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:28

Ырыс Жекшеналиев сотто Конституциялык укугу бузулуп жатканын айтты


Ырыс Жекшеналиев жарыш сөз сүйлөп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 11-апрель, 2023-жыл.
Ырыс Жекшеналиев жарыш сөз сүйлөп жатат. Биринчи май райондук соту, Бишкек. 11-апрель, 2023-жыл.

Фейсбуктагы “Полит Узник” баракчасынын администратору, “бийликти басып алууга, жапырт башаламандык кылууга үндөгөн” деп шек саналып жаткан Ырыс Жекшеналиев бүгүн, 11-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук сотунда жарыш сөзгө чыкты. Ал тергөө материалдарында өзүн Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында туулуп-өскөн деп жазылганын билдирип, бул туура эмес маалымат экенин айтты.

Жекшеналиев өзүнө коюлган айыптарды четке кагып, адам пикиринин эркиндиги боюнча Конституциялык укугу бар экенин белгиледи.

"Баш мыйзамда эч ким өз пикирин билдирүүгө жана андан баш тартууга мажбурланышы мүмкүн эмес деп жазылып турат. Мына, 33-беренеде дагы "ар бир адам маалыматты эркин издөөгө, алууга, сактоого, пайдаланууга, аны оозеки жана башка жол менен жайылтууга укуктуу" деп жазылып турат. Мен Конституциялык укугумду пайдаланып жатам. Мага эмне себептен мындай иш козголгонун түшүнбөй турам", - деди Жекшеналиев.

Активисттин соту 19-апрелде уланат.

3-апрелдеги соттук териштирүүдө прокурор активистти күнөөлүү деп таап, алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

20 жаштагы Ырыс Жекшеналиев былтыр августта кармалган. Буга ал Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин Жетим-Тоо тууралуу айткандары тартылган эски видеону “Полит Узник” баракчасына чыгарганы негиз болгон. Тергөө абагында эки ай отурган активистти Бишкек шаардык соту былтыр 26-октябрда үй камагына чыгарган.

Активистке Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин (“Калайман башаламандык”) 3-бөлүмү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен кылмыш иши козголгон.

Буга байланыштуу Жекшеналиев Юридика академиясынан чыгарылган. Кийин окуусун кайра улантууга мүмкүнчүлүк алган. Ал өзүнө коюлган айыптарды четке кагып келет. (JzE/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG