Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

ЖК комитетинин башкы прокурор катышкан жыйынында абактагылар маселеси көтөрүлдү


Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин башкы прокурор Курманкул Зулушев катышкан жыйынында массалык башаламандыкка айыпталып кармалган саясатчы, активисттердин маселеси көтөрүлдү. Депутат Жанарбек Акаев аларды боштондукка чыгарууга чакырды.

“Эгерде далил болбосо эркиндикке чыгарууну карашыбыз керек. Тынч жыйынга чогулушса, бийликти басып алабыз деп ачык чакыруу кылбаса.. Болгону нааразылыгын айткан. Баш мыйзамда ар бир адам өз пикирин айтууга укугу бар. Бирок, аракет болгон жок. Асия Сасыкбаева жетимиштен ашты, Ак үйдү ачып берсек дагы кирбейт”, - деди Акаев.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширхожаев учурда иш тергелип жатканын, жашыруун деген гриф коюлгандыктан, маалымат бере албастыгын билдирди. Башкы прокурор Курманкул Зулушев кылмыш иштин купуялуулугу боюнча соттун чечими менен тергөөчүлөр иштеп жатканын билдирди.

“Кайсы документтер тергөөдө ачык, кайсылары жабык каралышын аныктоо боюнча соттун чечими бар. Бул боюнча тергөөчүлөр иштеп жатат”, - деди Зулушев.

10-апрелде жапырт башаламандыкка шектелип кармалган саясатчы, активист, блогерлер абактан кат жазып, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылды.

Анда абактагылар алты айдан бери кылмыш ишине байланыштуу эч кандай далил табылбаганын, Ички иштер министрлигинин тергөөчүлөрү социалдык тармактарда 2-3 жыл мурда жазылган билдирүүлөрдү экспертизага берип, башка кылмыштарга айыптап жатканын билдиришкен. Алар ИИМ жетекчилигин Жогорку Кеңешке чакырып, маалымат алууну суранышкан. Камактагылар президентке өздөрү тууралуу жалган маалымат берилип жатат деп эсептешет.

Былтыр октябрда Кыргызстанда оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчы, укук коргоочу, активист жана блогер, жалпы 30га жакын адам жапырт кармалып, азыр 20дан ашыгы абакта отурушат. Бир нечеси ден соолугунан улам үй камагында.

Эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, активисттер камалгандарды бошотууга, укуктарды тебелебей, сөз эркиндигин камсыздоого бийликти чакырышкан.

Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок деп билдирген, камакка алынгандарды төңкөрүш уюштуруу аракетин көргөн деп айыптаган. (TSh)

XS
SM
MD
LG