Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:51

Депутат Ширшов өлкөдөн ээн-эркин чыгып-кирип жүргөнүн сындады


Алексей Ширшов.
Алексей Ширшов.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев “ПолитКлиника” медиасынын “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайларды ачыктаган иликтөөсүнө Башкы прокуратура көңүл бурушу керектигин билдирди.

Депутат бул иште Максим Бакиев, Алексей Ширшовдун байланышы бар экенин белгиледи.

“Судец, (ред: Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын жетекчиси) Алексей Ширшов биригип алып коррупциялык схема иштеп жатат. Сиз ушул маселени алдын алууга күчүңүз жетет. Булар өнүктүрүү банкына “Мегакомду” (ред: “Мега” компаниясы) алып жатканы журналисттик иликтөөдө так жазылган. “Мегакомду” Максим Бакиевдин адамы Алексей Ширшов башкарып жатат, анын жетекчиси Ширшовдун колунда иштеген. Чек ара кызматынан маалымат алдым, Ширшов Рига, Стамбул, Москва, Казакстанга ээн-эркин барып келүүдө. Евгения Судец өзүнө 1 млн. сом айлык коюп алыптыр. Кыскасы, Ширшовдун кадамдарын башкы прокурор катары алдын албасаңыз болбойт”, - деди Акаев.

Депутат Акаев коррупцияга айыпталган Ширшов ээн-эркин жүргөнүн, ошол эле маалда жыйырмадай активист, саясатчы абакта жатканын акыйкатсыздык деп атады. Башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттик иликтөөнү көрө электигин, депутатка кагаз түрүндө дагы кайрылуусун сунуштады.

2022-жылы 10-майда Улуттук коопсуздук комитети “Дастан” заводунун мурдагы жетекчиси Алексей Ширшов коррупцияга айыпталып кармалганын маалымдаган. Биринчи Май райондук соту ошол эле күнү аны үй камагына чыгарган.

Алексей Ширшов үй камагына Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен чыкканы маалым болгон.

Жакында эле “ПолитКлиника” медиасы “Мега” компаниясын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатуудагы күмөндүү жагдайлар жана бул иште Максим Бакиевге байланышы мүмкүн болгон адамдар тууралуу иликтөө чыгарды. Анда кирешелүү ишкана былтыр гана Кыргызстандын жарандыгын алган Евгения Судец жетектеген мекемеге өтөрү, анын жолдошу болушу мүмкүн деген Владимир Андросиктин Максим Бакиевге байланышы бар экени айтылат.

“Мега” деген бренд менен таанымал “Альфа Телеком” уюк операторун кайра эле Мамлекеттик өнүктүрүү банкына сатууда бюджетке бир тыйын пайда түшпөй турганы баяндалат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG