Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:59

Кыргызстан-Өзбекстан “Түндүк Сох” газ кампасын чогуу иштетүүнү пландап жатканы айтылды


“Түндүк Сох” газ кампасы.
“Түндүк Сох” газ кампасы.

Кыргызстан менен Өзбекстан “Түндүк Сохтогу” газ сактоочу кампаны чогуу ишке киргизүү маселесин талкуулайт. Бул тууралуу Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеёв Анжиян облусундагы сапарында айтканын uzа.uz мамлекеттик маалымат агенттиги жазды.

Порталдын маалыматына караганда, Шавкат Мирзиеёв бул маселени Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарында президент Садыр Жапаров менен макулдашканын, жакында Өзбекстандын энергетика министрлиги техникалык маселелерди талкуулоо үчүн Кыргызстанга бара турганын айткан.

Өзбекстандын энергетика министри Журабек Мирзамахмудов uzа.uz сайтына берген маегинде, жер алдындагы газдын көлөмү болжол менен 2,5-3 миллиард куб метр экенин билдирген.

Кыргызстандын Энергетика министрлиги бул боюнча азырынча комментарий бере элек. “Азаттык” маалымат алуу үчүн министрликке бир нече жолу байланышты.

Жогорку Кеңеш 2011-жылы ошол кезде Өзбекстандын “Өзбекнефтегаз” компаниясы иштетип жаткан “Түндүк Сох” газ сактоочу кампаны жана “Түндүк Сох” менен “Чоң Кара Калча” газ-мунай кендери чыккан жерди Кыргызстанга алуу боюнча токтом кабыл алган.

Маалымат боюнча “Чоң Кара Калча” жана “Түндүк Сох” мунай кендери 1955-жылы ачылып, ошол кездеги расмий Москванын көрсөтмөсү менен Өзбекстандын нефти газ тармагы иштете баштаган.

Кыргыз өкмөтү 2022-жылдын июнь айында газ, мунай жана мунай продуктуларын ташуу боюнча улуттук оператор катары “Кыргызнефтегаз” ишканасын түзгөн. Ага ылайык, Кадамжай районунун “Түндүк Сох” мунай-газ чыккан жеринин аймагында жайгашкан газ-техникалык курулмалар “Кыргызнефтегазга” өткөн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG