Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:46

Ирандык белгилүү режиссёр абакта ачкачылык жарыялады


 Жафар Панохи
Жафар Панохи

Иранда түрмөдө жаткан режиссер Жафар Панохи нааразылык иретинде ачкачылык жарыялады.

Алты жылга эркинен ажыратылган Панохи Ирандагы эң белгилүү кинорежиссерлордун бири. Анын тасмалары Берлин жана Канн кинофестивалдарында сыйлыкка татыган. Локарнодогу "Алтын илбирс", Венециядагы "Алтын арстан" фестивалдарында сыйланган.

Өткөн жылдын май айында Панохи Ирандагы сөз эркиндигине жана эркин чыгармачылыкка каршы репрессиянын күчөшүн айыптаган 300дөн ашуун коомдук-маданий ишмерлердин ачык катына кол койгон.

Июлда Тегеранда кармалган Панохиге 2010-жылдагы өкмөткө каршы демонстрацияларды колдогон деген айып коюлуп, алты жылга кесилген.

Иран бийлиги Панохинин 2009-жылы Тегеранда өкмөткө каршы демонстрация учурунда өлгөн студентти акыркы сапарга узатуу зыйнатына катышканы жана ал окуялар тууралуу фильм тартууга аракет кылганы үчүн да айыптайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG