Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:40

Пакистандын армиясы айрым талиб козголоңчуларын жок кылды


Пакистандык аскер. Сүрөт Ооганстан менен чектеш аймакта тартылган.
Пакистандык аскер. Сүрөт Ооганстан менен чектеш аймакта тартылган.

Пакистандын армиясы Ооганстан менен чек арага жакын жердеги “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын мүчөлөрү жайгашкан жерди бутага алды. Атышууда эки козголоңчу жок кылынганы 3-февралда расмий кабарланды.

Аскерлер Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Түндүк Вазиристан районундагы согушкерлердин баш калкалоочу жайынан курал-жарактарды табышты. Аскердик рейд учурунда жок кылынган жоочулар мурда коопсуздук күчтөрүнө кол салууга катышканы айтылууда.

30-январда полиция бөлүмүнүн аймагында жайгашкан мечитке 260тан көп адам бешим намазына чогулганда жардыруу болгон. Күбөлөрдүн айтымында, имамдын артында биринчи катарда турган жанкечти өзүн жардырган.

Премьер-министр Шахбаз Шариф кол салган адамдын имараттын ичине кантип кирип кеткенин иликтөөнү тапшырган.

Бийлик менен тирешип келаткан “Техрик-и Талибан Пакистан” кыймылынын кол башчыларынын бири Сарбакаф Мохманд кол салууга жоопкерчилик аларын Твиттерге жазган.

Бирок бир нече сааттан кийин аталган кыймылдын басма сөз катчысы Мухаммад Хурасани мечиттерди жана диний жайларды бутага алуу топтун саясаты эместигин, жардырууга тиешеси жоктугун айтты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG