Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:23

Акылбек Жапаров эл аралык форумдагы сөзү жасалма интеллекттин жардамы менен жазылганын айтты


Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Казакстанда өтүп жаткан эл аралык Digital Almaty форумуна катышууда. Ал санариптик өзгөрүү бардык тармактарга өз таасирин тийгизип, айрыкча экономика жана саясатта да олуттуу орунга ээ болуп бара жатканын айтты.

"Аналитиктердин божомолу боюнча акылдуу машинелер адамдай эле ойлонуп, жакынкы келечекте билим берүү, саламаттык сактоо сыяктуу бир катар тармактарда революция жаратат. Жакында эле британиялык окумуштуулар жасалма интеллектин жардамы менен боор рагына дары тапты деген жаңылык чыкты. Саламаттык сактоо тармагында жасалма интеллект дартты эрте анктоо жолдорун таап, ооруну айыктырчу дарыларды иштеп чыга алат. ChatGPнин жардамы менен сынактарды ийгиликтүү тапшырып, аралыктан иштөөгө онлайн интервью алып жатышат. Аны айтасыңар, азыркы менин сүйлөгөн сөзүм деле дал ушул жасалма интеллекттин жардамы менен даярдалды", - деди Жапаров.

Chat GPT - диалог форматында текст жараткан жасалма интеллекттин түрү. Аны жаратуу үчүн 45 терабайттык маалымат колдонулган. Бардык темада маалыматтык текст, диалог жарата алат.

Акылбек Жапаров Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынына катышуу үчүн 2-февралда Алматыга кеткен. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин тар курамдагы жыйынынын катышуучулары, жыйындын катышуучуларынын кароосуна жана чечим кабыл алуусуна сунушталган бир катар маселелерди караган. Жапаров бул сапардын алкагында эл аралык Digital Almaty форумуна катышууда. (BCh)

XS
SM
MD
LG