Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:05

Казакстандын түштүгүндө суу ташкындан 200өй адам эвакуацияланды

Түркстан облусу. 2023-жылдын 2-февралы.
Түркстан облусу. 2023-жылдын 2-февралы.

Казакстандын түштүк аймагындагы Түркстан облусунда бир катар шаар-кыштактарда суу ташкындап, жалпысынан 204 адам эвакуацияланганын өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар мекемеси 3-февралда билдирди. Жергиликтүү тургундардын 200дөй мал-жандыгы да коопсуз жактарга чыгарылды.

Ондогон калктуу конуштарды суу каптап, жол кыймылы токтоп, ушу тапта куткаруучулар суунун андан ары жайылышына жол бербөө аракетин көрүп жатышат.

2-февралда Түркстан облусунда тез эриген кардын жана нөшөр жаандын айынан бир катар райондордо суунун деңгээли көтөрүлгөн. Кентау жана Түркстан шаарларында, Байдибек, Сауран жана Ордабасы райондорунда көчөлөрдү суу каптаган. (RK)

​
XS
SM
MD
LG