Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:27

Сөз эркиндиги: "Клооптун" сайты, "Азаттыктын" соту


"Клооптун" сайты, "Азаттыктын" соту
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:13 0:00

"Клооптун" сайты, "Азаттыктын" соту

"Журналисттерди коргоо комитети" (The Committee to Protect Journalists - CPJ) эл аралык уюму Кыргызстанда “Клооп” басылмасынын сайтын бөгөттөө аракети көрүлүп жатканын белгилеп, 2-февралда атайын билдирүү таратты. Анда ал өлкө бийлигин мындай кадамга барбоого чакырды.

"Кыргызстандын бийлигинин өлкөдөгү эң абройлуу жаңылык агенттиктеринин бири болгон “Клоопту” цензуралоо аракети эч убакта кабыл алынбашы керек болгон “жалган маалымат” тууралуу мыйзам канчалык абсурд жана чектен чыккандык экенин дагы бир жолу айгинелеп турат. Бийлик “Клооптун” сайты бөгөттөлөт деген коркутуусун токтотуп, “жалган маалымат” жөнүндөгү мыйзамды жокко чыгарып, көз каранды эмес прессага каршы күчөп жаткан репрессияны токтотушу керек", — деди баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан CPJ уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча координатору Гүлноза Саид.

Веб-сайт бөгөттөлүшү ыктымал экени тууралуу өкмөттөн эскертүү алганын "Клооп" (Kloop) басылмасы 1-февралда кабарлады.

Маалыматка караганда, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы басылмага Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттигине (АРИС) байланыштуу макаланы веб-сайтынан өчүрүү талабы менен кат жолдогон. Расмий катта бул материалда "жалган маалымат" берилгени белгиленген.

Аталган басылма 25-январда "АРИС буга чейин Орунбеков айткан социалдык объектилердин баасы ашыкча бааланганын четке какты" деген макала чыгарган. "Kлооп" бул макаласында Баткен облусуна курула турган социалдык объектилердин чыгымы тууралуу АРИСтин маалыматын жана ашыкча чыгымдар тууралуу айткан президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбековдун сөздөрүн колдонгон. АРИСке бул макаланын темасына Орунбековдун аты кошулганына каршы болгон.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине АРИС даттанган. "Клооптун" кыргыз бөлүмүнүн редактору Алмир Алмамбетов буларды билдирди.

Алмир Алмамбетов.
Алмир Алмамбетов.

"АРИСтин билдирүүсүнө чейин курулуш кымбат бааланганына эл алдында даттанган жалгыз мамкызматкер - Кыргызстандын президентинин басма сөз кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков болгон. Мындан улам макалага анын аты-жөнү жана темага байланыштуу Фейсбуктагы билдирүүсү тиркелген. Эгер биз тараткан маалыматта кандайдыр бир ката болсо, аудиторияга дисклеймер менен түшүндүрүп, кечирим сурайбыз. "Клооптун" тарыхында ката кетирилген бир да маалымат өчүрүлгөн эмес, азыр да өчүрбөйбүз. “Азаттыктын” сайты бөгөттөлгөндөн кийин жакын арада кезек бизге жетерин билгенбиз, ага даяр болчубуз. Андыктан сайтыбыздын атайын версиясын иштеп чыктык. Кокус сайтты бөгөттөп койсо, окурмандарыбыз материалдарыбызды күзгү версиябыздан тоскоолдуксуз таба алат".

АРИС “Азаттыкка” бул боюнча жазуу түрүндө маалымат беребиз дегени менен, макала чыкканга чейин жооп беришкен жок.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иш-аракеттерин “Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” же "фейктер тууралуу"мыйзамга байлап жатат. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Бектур Ибрагимов төмөнкүдөй маалымат берди:

Бектур Ибрагимов
Бектур Ибрагимов

"Бул мыйзамдын алкагында бизге ар бир жаран кайсы бир маалымат булагы такталбаган, анык эмес маалымат чыгарды деп даттанууга укугу бар. Биз түшкөн арыздын толуктугун текшерип, анын жыйынтыгы менен Байланыш тармагында жөнгө салуу жана көзөмөлдөө боюнча кызматына маалымат жөнөтөбүз. Ал эми маалыматты тараткан мекемеге төгүндөө же маалыматты өчүрүү талабын коёбуз. 24 саатта бул талап аткарылбаса, биз сайтты эки айга бөгөттөө чечимин чыгарабыз. Өз кезегинде маалымат каражаты укуктарын сот аркылуу коргосо болот".

“Жалган жана анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзам мурдагы президенттердин тушунда да демилгеленип, бирок артка кайтарылып келген. 2020-жылдын күзүндө бийлик алмашкандан кийин мыйзам долбоору кабыл алынып, ага президент Садыр Жапаров кол койгон.

"Журналисттер" коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшенбеков бул мыйзам парламентте каралып жаткан учурда ага каршы бир нече митинг-талкууларга катышкан.

Нурдин Дүйшенбеков.
Нурдин Дүйшенбеков.

"Бийлик бизге туруктуулук, өнүгүү, коопсуздук керек дейт. Анткен менен эгер чек ара коопсуздугун куралдуу күчтөр камсыздаса, өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун күчтүү, журналисттик стандарттарды бийик сактаган медиа-мекемелер камсыздайт. Андай кыргыз медиаларынын бири - акыркы 30 жылда абройлуу маалымат каражат экенин далилдей алган “Азаттык”. “Клооп” жашыраак мекеме. Бирок ал да өзүн күчтүү, жогорку журналисттик стандарттарды карманган ЖМК катары көрсөтө алды. Бийлик көз карандысыз ЖМКга койгон чабуулу менен өлкөнүн маалыматтык коопсуздугун талкалап жатат. Биз бийликке кайрылып, “бир күндүк ачууңар менен Кыргызстандын келечегине зыян келтирип коюшуңар мүмкүн” деп жатабыз. Бийликтин мындай кадамдары көз карандысыз журналистиканы талкалап коюшу мүмкүн",-деди Дүйшенбеков.

Былтыр 26-октябрда министрлик “Азаттык Медиа” мекемесинин веб-сайтын бөгөттөө чечимин чыгарган. Буга “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун дагы бир кызматы - “Настоящее время” телеканалынын сайтында кыргыз-тажик чек арасындагы 14-17-сентябрдагы окуялар тууралуу видео материалы негиз болгону маалымдалган.

“Азаттык” бул материалдарда журналисттик стандарттар сакталганын жана мыйзамга каршы аракет жок экендигин билдирген жана министрликтин сайтты бөгөттөгөн чечимин мыйзамсыз деп табуу арызы менен Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Бул арыз боюнча сот отуруму 26-январда башталып, кийинки соттук отурум 17-февралга белгиленген.

Ал арада Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Азаттык Медианын” ЖМК катары ишмердигин токтотуу өтүнүчү менен Бишкектин Ленин райондук сотуна кайрылганы 23-январда белгилүү болгон. Бул арыз 9-февралда каралат.

Сот “Азаттыктын” арызын канааттандырган жок

Былтыр 31-октябрда “Азаттык Медианын” “Демирбанктагы" банк эсебине бөгөт коюлганы белгилүү болгон.

15-ноябрда Финансылык чалгын кызматы банк эсеби эмне үчүн бөгөттөлүп турганын түшүндүрүп, “Азаттык Медиа” “Кылмыштуу кирешени адалдаштырууга катыштыгы бардыгы тууралуу маалымат бар адамдардын, топтордун жана уюмдардын тизмесине” киргизилгенин, буга УКМКнын каты негиз болгонун расмий билдирген.

Финчалгын кызматы “Азаттык Медиа” бул тизмеге “Террордук ишмердүүлүктү каржылоого жана кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамдын 14-беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында киргизилгенин маалымдаган.
Бирок тиешелүү органдар ал иштин “Азаттык Медиага” кандай байланышы бар экени жөнүндө эч кандай түшүндүрмө бербей келет. “Азаттык” банк эсеби негизсиз бөгөттөлгөнүн жана мекемеде иштеген кыргыз жарандарынын, кызматкерлердин укуктары бузулуп жатканын белгилейт.

2-февралда Бишкек шаардык соту “Азаттык Медиа” мекемесинин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) аракетине каршы арызын карап, Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды жана бул чечим даттанууга жатпайт деп жарыяланды.

Ушул эле иш боюнча 26-январда болгон отурумда “Азаттыктын” адвокаттары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) “Азаттык Медиага” каршы кылмыш ишин тергеп жаткан тергөөчү Улан Жапековду сотко чакыруу өтүнүчүн берип, аны соттук коллегия колдогон. Бирок бул жолку соттук жараянга Жапеков эч кандай түшүндүрмөсүз келген жок жана иш анын катышуусуз эле каралды. “Азаттыктын” адвокаттарынын бири Тимур Султанов муну “акылга сыйгыс” деп баалады.

Тимур Султанов.
Тимур Султанов.

"Тилекке каршы, тергөөчү келген жок. Ага эмне себеп болгонун прокурор да айта алган жок. Соттук коллегия болсо кылмыш ишин карабай туруп чечим чыгарды. Судьялар кылмыш ишин изилдебей, тергөөчүнү сурабай туруп эмненин негизинде чечим чыгарганын түшүнгөн жокпуз. Сот ачык өткөнүнө карабай судьялар чечимди окууда видеого тартууга тыюу салды. Жазык-процессуалдык нормаларга ылайык, соттун өкүмдөрү бардык тараптар үчүн ачык окулат, аны видеого тартуу да мүмкүн. Соттук коллегиянын эч кандай негиз келтирбестен, видео тартууга тыюу салуусу да Жазык-процессуалдык кодекстин нормаларын одоно бузуу болуп саналат",- дейт Тимур Султанов.

Бийликтин соңку кадамдарын бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар, коомдук ишмерлер, медиа серепчилер сындап, сөз эркиндигинин корголушун талап кылып келе жатышат. Кыргыз бийлиги соңку окуяларга карабастан өлкөдө сөз эркиндигине кысым жок экендигин байма-бай кайталап келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG