Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Депутат Транспорт министрлиги карызы боюнча 1-орундагы мекеме экенин айтты


Кыргызстандын түштүк аймагында салынып жаткан жол, 30-июль, 2012-жыл
Кыргызстандын түштүк аймагында салынып жаткан жол, 30-июль, 2012-жыл

Транспорт жана коммуникация министрлиги карызынын көптүгү боюнча өлкөдө биринчи орунда турган мекеме экени бүгүн 3-февралда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтылды. Депутат Алишер Козуев аткарган иши үчүн акысын министрликтен беш жылдан бери ала албай жүргөн ишканалар бар экенин билдирди:

“Кайсы жерге барбайлы, жол көйгөйү айтылып келет. Коомчулукта транспорт министрлигин алынган кредиттер жана коррупциялык схемалар боюнча айыптап жүрүшөт. Мында министрликтин жетекчилеринин күнөөсү бар. Ички карыз республика боюнча эң көп сиздерде экен – 702 миллион сом. Тендер аркылуу сиздердин буюртманы аткарып берген ишкерлер ар кандай шылтоо менен беш жылдан бери акчасын ала албай жүргөндөр бар”.

Депутатка транспорт жана коммуникация министринин орун басары Ырысбек Бариев жооп берип, карыз 787 миллион сом экенин, бирок буга чейинки жылдарга салыштырганда анын суммасы бир аз болсо да азая баштаганын айтты:

“Бюджеттен бөлүнгөн каражат бардык талаптарды аткарганга жетпейт. Экинчиден, коронавирус маалында бөлүнгөн каражат кескин азайып кеткен. Мурункудан бери абдан чоң кредитордук карыз жылдан жылга өтүп келе жатат. Карызды жабууга каралган сумма анын көлөмүндө эмес болууда. Сиз айткандай, быйыл 787 миллион сомдук кредитордук карыз бар. Бул бизге көйгөй жаратууда. Бирок мурунку жылга караганда азайып келе жатат жалпы суммасы”.

Жол куруу жана оңдоого байланыштуу бир катар коррупциялык схемалар аныкталганын буга чейин укук тартибин коргоо органдары маалымдашкан. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG